Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 28.05.2021-ж., саат 14:00дөн тартып, «СуперЫңгайлуу баарлашуулар 60» топтомун узартуу токтотуларын жана ал 07.06.2021-ж. жоюла тургандыгын маалымдайт.

Жоюла турган топтом абоненттик төлөмдүн мөөнөтү аяктаганга чейин толугу менен жеткиликтүү болмокчу.

Абоненттер «СуперЫңгайлуу баарлашуулар 60» топтомуна каражат төлөнгөн мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган тарифтик планга же топтомго өтө алышат (акысыз, бирок тиешелүү абоненттик төлөм алынат).

Учурдагы топтомду алмаштырбаган боюнча калтырган шартта, 28.05.2021-ж. саат 14:00дөн кийин автоматтык түрдө күнүгө берилүүчү интернет-трафиктин көлөмү көбөйтүлгөн, мурдагыдан актуалдуураак «СуперЫңгайлуу баарлашуулар 60 New» тарифтик планына өткөрүлөт. Абоненттик төлөмдүн наркы өзгөрүүсүз калтырылып, бирок туура келбеген бардык опциялар жана кызматтар өчүрүлөт.

Жаңы тарифтин шарттары: күн сайын 500 МБ (мындан ары - чектөөсүз Интернет), түйүн ичинде жана тариф ичинде чектөөсүз чалуулар, 7 суткага 60 сом абоненттик төлөм менен түйүндөн тышкары 5 мүнөт. Толугураак маалымат – компаниянын расмий сайтында.

Сунушталган кызматтар

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы