Перейти на новый сайт

MegaPay тиркемеси аркылуу битир-садаганы ыңгайлуу төлөө

MegaPay тиркемеси аркылуу битир-садаганы ыңгайлуу төлөө

MegaCom компаниясы Ыйык Рамазан жана Орозо айынын башталышы менен бардык мусулмандарды куттуктап, битир-садага, жетим балдар үчүн зекетти MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу оңой которуу мүмкүн экендигин кабарлайт.

Рамазан айында жарандардын Орозо туткан жана тутпаганынан көз карандысыз, мүмкүнчүлүгүнө жараша битир-садага берүүсү сунушталат жана чогулган каражаттын баары Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Тиркеме аркылуу битир-садаганы кантип төксө болот?

  • MegaPay тиркемесин App Store жана Google Play Market'тен жүктөп алуу керек;
  • "Кызмат үчүн төлөм" бөлүмүнө кирип, "Кайрымдуулук" баракчасына өтүү;
  • "Битир-садага", "Зекет" же "Жетим балдарга" бирин тандоо;
  • "Реквизиттер" деген жерге телефон номериңизди киргизип, тиешелүү суммадагы каражатты көрсөтүңүз.

Даяр! Битир-садаганы өзүңүз, жакындарыңыз, үй-бүлөңүз, ошондой эле бул ишти жасоого мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн MegaPay тиркемеси аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланыңыз.

MegaCom уюлдук оператору баарыңыздарга ден соолук, үй-бүлөлүк жыргалчылык жана ар бир үйгө жылуулук каалайт.

Сунушталган кызматтар

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы