Перейти на новый сайт

MegaCom «Гудоктун ордуна жазгы обон» акциясынын шарттарын билдирет

MegaCom «Гудоктун ордуна жазгы обон» акциясынын шарттарын билдирет

Нооруз майрамына карата жана майрамдык маанай тартуулоо максатында MegaCom компаниясы чалуу учурунда угулган стандарттык сигнал улуттук же жагымдуу жазгы обонго алмаша турган акция уюштурган.

Акция абоненттин көңүлүн көтөрүү максатын гана көздөп, кошулуу жана колдонуу акциянын аягына чейин акысыз. Акция аягына чыккан соң, тактап айтканда кызмат кошулгандан 14 күндөн кийин бардык катышуучуларда автоматтык түрдө өчүрүлөт. Абоненттер тарабынан кошумча кадамдар талап кылынбайт.

Абоненттин балансынан акча каражаты алынат деген чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз.

Белгилей кетели, кызматты буга чейин колдонуп келе жаткан же өчүрүп койгон абонненттер акцияга катышкан жок.

Маалымат иретинде: «MegaMusic өзүм үчүн» сервиси («MegaMusic» сервиси менен адаштырбаңыздар) чалуу учурундагы стандарттык сигналды сүйүктүү мелодияга жана башка үнгө алмаштырып алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Кызмат тууралуу толугураак маалымат MegaCom'дун расмий сайтында.

Кызматты өз алдынча жана ылдам өчүрүү үчүн *705*0# акысыз USSD-буйруусун териңиз.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы