Перейти на новый сайт

MegaCom’дун терминалдары аркылуу 600дөн ашык кызматтарга төлөм жүргүз

MegaCom’дун терминалдары аркылуу 600дөн ашык кызматтарга төлөм жүргүз

MegaCom’дун терминалдары аркылуу оңой жана тез, күнү-түнү, дем алышсыз 600дөн ашык товар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзсө болот. Терминалдар компаниянын фирмалык түсүндөй болуп боёлуп, бири экинчисине жакын даректерде жайгашкан.

MegaCom’дун терминалдарынын кызматынан пайдаланууга 5 себеп:

  • Ыңгайлуу жана жеткиликтүү: эми төлөм жүргүзүү үчүн да кезек күтүп убакыт кетирбейсиң. Жөнөкөй жана түшүнүктүү интерфейс менен фирмалык 450 терминалдар Бишкек шаарында жана Кыргызстандын ири облустарында жеткиликтүү даректерге орнотулган.
  • 24/7: MegaCom’дун терминалдары аркылуу сутканын каалаган саатында 600дөн ашык сервис жана кызматтарга төлөм жүргүзүүгө болот.
  • Комиссиясыз төлөм: абоненттер “Түндүкэлектр” кызматынын төлөмдөрүн жүргүзүп, Optima Bank’тын карталык эсебин, “Тулпар” транспорттук картасынын (Бишкек шаары) балансын толтура алат.
  • Экрандагы бир нече баскыч менен дароо төлөм: төлөм жүргүзүү процесси максималдуу түрдө түшүнүктүү – төлөмдүн реквизиттерин (телефон номер, эсеп счёту же ИНН), керектүү сумманы жазуу жана дүмүрчөктү чыгаруу жетиштүү. Провайдер төлөмдү ошол замат алат.
  • Коопсуздук: оор эмес мындай процесстен кийин сарсанаа болбо – ар бир төлөм өз дарегине жетет.

MegaCom’дун терминалдары аркылуу абоненттер уюлдук байланыш, интернет, телефония, телевидение, коммуналдык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүп, банктык карталарын, эсеп счётторун толуктап же кредитти төлөй алат. Мындай кызматтардын катарында – электрондук капчыкты толуктоо, такси кызматын, жол эрежелери боюнча айыптарды, жарнама үчүн төлөмдү жүргүзүү, интернеттен сатып алуулар жана башкалар бар. Ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү эл аралык байланыш кызмат акысын дагы төлөсө болот.

MegaCom’дун жакынкы фирмалык терминалынын дарегин компаниянын расмий сайтынан же 2GIS кызматынан билсе болот.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА! 2022-жылдын 1-апрельден баштап MegaCom’го балансты терминал аркылуу толуктоонун комиссиясы 5 сомду түзөт.

Ошондой эле MegaCom'дун кеңселериндеги терминал жана кассаларынан балансты толуктаган учурда комиссия алынбай турганын эсиңиздерге салабыз.

Сунушталган кызматтар

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы