Перейти на новый сайт
Түйүндөн тышкаркы чалуулар арзан болуп калды - MegaCom'дон 1 мүнөткө 1 сом

Түйүндөн тышкаркы чалуулар арзан болуп калды - MegaCom'дон 1 мүнөткө 1 сом

MegaCom компаниясы «Интернет + Чалуулар» жаңы түркүмдөгү топтомдордун алкагында башка байланыш операторлоруна түйүндөн тышкаркы чалуунун баасы төмөндөгөнүн кубануу менен кабарлайт.

«Чалуулар Max» жана «Интернет + Чалуулар Баары Чектөөсүз» тарифтик планынын мүнөттөр топтому сарпталган соң, башка уюлдук байланыш операторлорунун номерлерине чалуулардын баасы болгону 1 сомду түзөт (соода салыгын кошпогондо, кошумча салык наркы менен).

Түйүндөн тышкаркы сүйлөшүүлөрдүн баасын төмөндөтүү MegaCom'дун абоненттерине чыгымдарды оптималдаштырууга шарт түзөт. Жаңы тарифтерди ишке киргизүү абоненттерде жаралып келген эки же андан көп телефон, ошондой эле ар башка байланыш операторлоруна чалуу үчүн өз-өзүнчө SIM-карталарды көтөрүп жүрүү сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган.

MegaCom кардарлардын түйүндөн тышкаркы чалууларды көп аткаруу зарылчылыгынан улам жана акциялары 100 пайыз мамлекетке тийиштүү мекеме катары, миллиондогон абоненттердин аудиториясынын кызыкчылыгын көздөгөн тарифти абоненттерге сунуштагандыгын белгилей кетүү өтө маанилүү.

«Түйүндөн тышкаркы чалууларга пайдалуу тарификациянын кызматынан жаңы тарифтик пландарды кошуп алган абоненттер гана пайдалана алышат. Бул тарифтик программалык камсыздоонун заманбап өзгөчөлүгүнө, жаңы шарттарды эски тарифтик пландарга колдонууга мүмкүнчүлүк түзбөөгө, ошондой эле жаңы абоненттерди тартуу стратегиясын шарттоого багытталган. Тарифтердин жаңы түркүмүнө өтүү бардык жеке абоненттер үчүн ачык экенин баса белгилеп кетебиз», - деп билдирет MegaCom'дун басма сөз кызматы.

MegaCom компаниясы түйүндөн тышкаркы чалууларга болгон бааны төмөндөтүү боюнча иштерди мындан ары да уланта бермекчи. Бир мүнөттүк сүйлөшүүнүн баасы 1 сом - интерконнект коюму 2021-жылдын 1-январынан тартып КРнын Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан уюлдук операторлор аралык жөнгө салуу процедураларынын негизинде коюлгандыгын эскерте кетели.

Сунушталган кызматтар

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы