Кыргызстанда бут кийимдерди маркировкалоо үчүн коддор бериле баштады

Кыргызстанда бут кийимдерди маркировкалоо үчүн коддор бериле баштады

Кыргыз Республикасы КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын атынан улуттук операторлорунун кызматташтыгын камсыздаган, КРдагы товарларга белги басуу жана белги басылууну көзөмөлдөөчү улуттук тутумдун операторлору – «Альфа Телеком» ЖАКсы менен биргеликте 2021-жылдын 4-январынан тартып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында алгачкылардан болуп Россия Федерациясынын бут кийим продукциясын жеткирүүчүлөр үчүн Россия Федерациясынын маалымат тутуму тарабынан түзүлгөн товардык белгилөө коддорун бере баштады.

Маркировканы кантип алса болот?

Россия Федерациясына бут кийим жеткирүүчүлөр бут кийим товарларын ташып иштегендер энбелгилөө коддорун берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча этикеткалоо оператору менен келишим түзгөнгө чейин GS1 Kyrgyzstan предметтик номерлөө ассоциациясына кириши керек. Эн белги басуу боюнча операторлор менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректерде жайгашкан Тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл: Бишкек шаары, Сүйүмбаев көчөсү, 123. Келишим түзүлгөндөн кийин бут кийим товарларын жеткирүүчү адамга системге кирүүгө жетки берилет. Мындай мүмкүнчүлүк товарды маркировкалоого коддорду буйрутма берүүгө, аларды каттап жана жөнөтүүгө жол ачат.

ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ! Азыркы учурда «Альфа Телеком» ЖАКсы Россия Федерациясында милдеттүү түрдө энбелги басууга тийиш болгон башка товардык топтор үчүн маркалоо коддорун берүүнү баштоо боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө.

Коддун баасы канча?

Россия Федерациясында маркировкалоо кодунун баасы РФ өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы №577 токтому менен бекитилген жана КНСти эсепке албаганда 50 тыйын.

Товарларды маркировкалоо боюнча кошумча маалыматтарды «Текшер» системинин расмий сайтынан алсаңыздар болот: https://main.teksher.kg. Ошондой эле 0 999 333 999 номери иштейт.

Сунушталган кызматтар

  • Планер

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы