MegaCom «IT Мектеп» долбооруна кабыл алууну жарыялайт

MegaCom «IT Мектеп» долбооруна кабыл алууну жарыялайт

MegaCom компаниясы программалоо мектебинин угуучуларын кабыл алууну жарыялайт. Курстарга программалоонун негиздерин башынан баштап үйрөнүүнү каалагандар, өлкөнүн ЖОЖдорунда билим алып, бирок билимин практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүгү жок студенттер, ошондой эле кошумча билим алып жана программалоонун жаңы тилдерине карай квалификациясын жогорулатууну каалаган IT-адистер чакырылат.   

Программалоо курстары тууралуу кененирээк билүү, курстарда сабак берүүчүлөр жөнүндө жана окуу үчүн билдирме калтыруу боюнча маалыматтарды долбоордун расмий сайты itschool.megacom.kg аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле кошумча маалымат алуу, курстарга жазылуу үчүн 0999 999440 номерине байланышыңыздар.

Биздин курстардын темалары:

JavaScript. FrontEnd

  • I этап: JavaScript негиздери;
  • II этап: Advanced JavaScript;
  • III этап: JavaScript. Frameworks.

Окутуу баасы айына 8000. Окутуу курсунун узактыгы – 9 ай.

Java

  • I этап: Java негиздери;
  • II этап: Advanced Java;
  • III этап: SQL. Маалымат базасына киришүү;
  • IV этап: Spring Framework.

Окутуу баасы айына 8000. Окутуу курсунун узактыгы – 9 ай.

SQL

  • I этап: SQL. Маалымат базасына киришүү;
  • II этап: Advanced SQL.

Окутуу баасы айына 6000. Окутуу курсунун узактыгы – 2 ай.

«IT Мектеп» долбоорунун өзгөчө шыктуу угуучуларына компаниянын Microsoft, Google, ZTE, Huawei сыяктуу өнөктөш мекеме-уюмдарда такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Дүйнөгө аты таанылган компаниялар келечектеги IT-адистердин суроолору боюнча кеп-кеңештерин берип турушмакчы. Такшалмадан өтүүнүн жыйынтыгы менен мыкты бүтүрүүчүлөргө MegaCom компаниясына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

Бардык каалоочуларды күтөбүз!

Сунушталган кызматтар

  • Mega iTV

    кызматы

  • «Ким чалды?»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы