Перейти на новый сайт

MegaCom мектеп окуучулары жана студенттердин тарифтерине кошулуу мөөнөтүн узартат

MegaCom мектеп окуучулары жана студенттердин тарифтерине кошулуу мөөнөтүн узартат

MegaCom компаниясы мектеп окуучулары жана студенттерге билим берүүгө багытталган жеңилдетилген #СВ 7 Школьный жана #СВ 7 Студент тарифтерине кошулуу мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартат.

#СВ 7 Школьный тарифине кошулуу менен абоненттер ийгиликтүү онлайн окуу үчүн керек болгон бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:

  • социалдык тармактар, тиркемелер жана месенжерлер: Instagram, Facebook, WhatsApp, Telegram, ВКонтакте, Одноклассники, Zoom, Google Classroom, Skype, KelBil, Twitter;
  • Mega24 тиркемесиндеги билим берүүчү контенттен акысыз колдонуу (GooglePlay жана App Store'дон жүктөп алуу жеткиликтүү);
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү багытындагы сайттардан акысыз колдонуу: oku.edu.gov.kglib.kgkitep.edu.gov.kgokuma.kgibilim.kginai.kgdigiskills.kg ж.б.
  • күн-түнгө бөлүнбөгөн 8 ГБ интернет-трафик;
  • түйүн ичинде 1000 мүнөт (Z брендиндеги номерге дагы);
  • түйүн ичинде 1000 SMS (Z брендиндеги номерине дагы).

Топтомдун баасы - аптасына 80 сом. Кошулуу мектеп окуучулары жана студенттер үчүн жеткиликтүү.

#СВ 7 Студент тарифин кошуп алган абоненттер үчүн:

  • Mega24 тиркемесинин документ, сүрөт жана видеофайлдарды сактоочу MegaCloud булутта сактагычынан 15 ГБ орун;
  • 12 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернет;
  • мектеп окуучулары жана студенттер үчүн Кыргызстандын билим берүү ресурстарына, ошондой эле социалдык тармактар жана месенжерлер үчүн чектөөсүз Интернет: Instagram, Facebook, WhatsApp, Telegram, ВКонтакте, Одноклассники, Twitter, Zoom, Google Classroom, Skype, KelBil;
  • түйүн ичиндеги чектөөсүз чалуулар.

Топтомдун баасы аптасына 95 сом. Кошуп алуу мектеп окуучулары жана студенттер үчүн жеткиликтүү.

#СВ 7 Школьный жана #СВ 7 Студент тарифтерине кошулуунун эки жолу бар:

  • студенттер зачеттук китепче жана студенттик билеттин сүрөтүнө кошуп, MEGA24 тиркемесиндеги билдирмени толтуруп, ал эми окуучулар туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн жөнөтүүсү шарт;
  • MegaCom компаниясынын Cатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылып студенттик билет жана зачёттук китепчени ал эми окуучулар туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, топтомду кошуп ала турган номерин көрсөтүүсү керек.

#СВ 7 Школьный жана #СВ 7 Студент топтомдоруна кошулуунун шарттары жөнүндө кененирээк MegaCom'дун расмий сайтынан тааныша аласыздар.

Сунушталган кызматтар

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы