Перейти на новый сайт
"Бактылуу ачкыч" акциясы! Capstroy KG жана MegaCom'дон Бишкекте жайгашкан батир ут!

"Бактылуу ачкыч" акциясы! Capstroy KG жана MegaCom'дон Бишкекте жайгашкан батир ут!

MegaCom уюлдук оператору жана Capstroy KG курулуш компаниясы биргелешип, "Бактылуу ачкыч" аталышындагы уникалдуу акцияны жүргүзүп жатышканын кубануу менен кабарлайт. Башкы байге - Бишкектин борборундагы "Ак-Марал 2" турак жай комплексинен эки бөлмөлүү батир.

Бүгүн, 30-октябрда, MegaCom'дун башкы кеңсесинде "Альфа Телеком" ЖАКнын жана Capstroy KG курулуш компаниясынын ортосунда өнөктөштүк жөнүндө расмий келишимге кол коюу салтанаты болуп өттү. Акциянын башталышы 2020-жылдын 1-ноябрына белгиленген, ал 2021-жылдын 31-июлуна чейин уланат.

"Башкы байге менен катар сиздерди күн сайын жана апта сайын 4000 сомдон 30 000 сомго чейинки байгелер күтөт. Мындан тышкары сиздердин кеңселерди, батирлерди же үйлөрдү оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана жайгаштыруу үчүн дагы белектер ойнотулат", - деп белгиледи Capstroy KG курулуш компаниясынын коммерциялык директору Асель Абыкеева.

Акцияга кантип катышууга болот?

"Бактылуу ачкыч" акциясына катышуу үчүн MegaCom жеке номеринин балансын толуктоо же #СуперЫңгайлуу тарифтер тизмегине белгилүү бир абоненттик төлөмдү жүргүзүү жетиштүү. Шарттарды аткаруу менен абонент автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болуп саналат да, кийинки төлөмдөр жана толуктоолордун эсебинен "бактылуу ачкычтар" топтоло баштайт. "Ачкычтарды" дагы көбүрөөк топтоо үчүн MEGA24 тиркемесиндеги (Google Play жана App Store’дон жүктөп алуу жеткиликтүү), акциянын алкагындагы викторинага жазылса болот. Ошондой эле өз рейтингиңизди текшерип туруу мүмкүнчүлүгү бар.

"Бактылуу ачкычтар" канчалык көп болсо, батир жана акчалай байгелерди утууга ошончолук көп мүмкүнчүлүк түзүлөт!

Ийгилик келип калат деп үмүттөнбөңүз, мында, жеңиш катышуучунун өзүнөн гана көз каранды! Ким күнүнө, аптасына же жалпы акциянын мөөнөтү бүткөнчө көбүрөөк "бактылуу ачкыч" топтосо, ошол адам байгеге ээ боло алат.

Эсиңиздерде болсун, эң активдүү катышуучуну Бишкектин инфраструктурасы өнүккөн, борбордук панорамага көз чаптырууга абдан ыңгайлуу аймагынан, бардык шарты менен болгон аянты 65 чарчы метрди түзгөн жаңы батир күтөт!

MegaCom уюлдук оператору жана Capstroy KG курулуш компаниясы уюштуруп жаткан "Бактылуу ачкыч" акциясына катышып, "ачкычтарды" топтоңуздар жана утуштарга ээ болуңуздар!

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы