Перейти на новый сайт

MEGA24 тиркемесинде бейтапканага online жазылуу

MEGA24 тиркемесинде бейтапканага online жазылуу

MegaCom социалдык санариптик долбоорлорду ишке ашырууну колго алган компания катары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте “Дарыгерге жазылуу” инновациялык тейлөөсүн ишке киргизгенин кубануу менен кабарлайт. Эми абоненттер медицина кызматкерине текшерилүү үчүн өзүнө ыңгайлуу каалаган учурунда, MEGA24 тиркемеси аркылуу өз смартфонунан онлайн режимде жазыла алат.

Мындан ары дарыгерге болгон кезек күтүүгө убакытты коротуунун зарылчылыгы жок. Мамлекеттик бейтапканадагы сиз каттоодо турган дарыгерге жазылуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдары жасоо жетиштүү:

  • MEGA24 тиркемесин жүктөп алуу жана кирүү (Google Play жана App Store’дон жүктөп алуу жеткиликтүү), “Портал” бөлүмүнө өтүп, “Дарыгерге жазылуу” баннерин басуу;
  • андан ары Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) жана телефонду киргизүү үчүн форма ачылат;
  • кабыл алуусуна жазыла турган дарыгерди тандоо;
  • күнүн жана убактысын тандап, “Жазылуу” кнопкасын басыңыз.

Даяр! Онлайн катталуу аркылуу дарыгерге жазылуу ийгиликтүү аткарылды!

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы