MegaCom Кыргызстандын бардык облустарында 4G түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтип, кубаттуулугун жогорулатты
MegaCom компаниясы бүткүл Кыргызстан боюнча байланыштын сапатын жакшыртып жана каптоо аймагын кеңейтүүгө пландалган иштерин улантат.
2020-жылдын августунда жүргүзүлгөн техникалык иштердин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын жети облусунда тең байланыштын сапаты жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүч касиети жогорулады.
Бишкек, Кант, Кара-Балта, Кара-Суу, Ноокат, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы базалык станцияларды модернизациялоо 4G түйүнүнүн өткөргүч сапатын арттырды. Төмөндөгү айылдарда дагы байланыштын жана төртүнчү муундагы интернеттин сапаты жакшыртылды:
- Нарын облусунун Баетов, Кайыңды-Булак, Терек айылдары;
- Ош облусунун Араван, Кара-Таш, Нойгут, Таштак, Темир-Корук, Фуркат, Чучук айылдары;
- Талас облусунун Майское, Новодонецкое айылдары;
- Чүй облусунун Жекен, Жайыл, Мраморное, Фёдоровка айылдары.
Базалык станцияларды жаңылоонун аркасы менен MegaCom'дун 3G-сигналы Бишкек, Кара-Балта, Кара-Суу, Ош шаарларында жана төмөнкү айылдарда да байкалды:
- Баткен облусунун Алга, Чуңкур-Кыштак айылдары;
- Ош облусунун Нойгут айылы;
- Чүй облусунун Маевка, Петропавловка айылдары.
Кошумча жабдууларды ишке киргизүүнүн натыйжасында 4G байланышы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө Жалал-Абад облусунун Жалгыз-Өрүк, Көк-Таш, Орто-Суу айылдарында жана Чүй облусунун Калдык айылында жашаган MegaCom'дун абоненттери ээ болушту. 3G стандартындагы жаңы базалык станциялар Жалал-Абад облусунун Ноот, Толук жана Чаар-Таш айылдарында ишке киргизилди.
Түйүндүн каптоо аймагы боюнча маалыматты онлайн Интерактивдүү картадан алууга болот. Картанын жардамы менен жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин, 2G, 3G жана ылдам 4G-каптамы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү да бар.
MegaCom - ишенимдүү байланыш оператору!