Перейти на новый сайт
MegaCom’дон «СВ 7 Школьный» жаңы пакети: окуу жана баарлашуу – сиздин смартфондо

MegaCom’дон «СВ 7 Школьный» жаңы пакети: окуу жана баарлашуу – сиздин смартфондо

Дистанциялык билим берүү формасындагы окуу жылынын башталышы менен MegaCom орто билим берүү мекемелеринин окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери үчүн льготалык «СВ 7 Школьный» жаңы топтомун ишке киргизди.

Жаштардын каалоосу эске алынып, жумасына болгону 80 сомго мектеп окуучулар жана студенттердин татыктуу билим алуусуна керектүү болгон бардык зарыл нерселерди ала ала тургандай шарт түзүлдү:

  • социалдык тармактарга, тиркемелерге жана мессенджерлерге чектөөсүз кирүү: Instagram, Facebook, WhatsApp, Telegram, ВКонтакте, Одноклассники, Zoom, Google Classroom, Skype, KelBil, Twitter;
  • MEGA24 билим берүү контентине акысыз жетки;
  • КРнын билим берүү сайттарына чектөөсүз жетки: oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, ibilim.kg, inai.kg, digiskills.kg жана башка;
  • Түн жана күнгө бөлүнбөгөн 8 ГБ интернет-трафик;
  • Түйүн ичинде 1000 мүнөт (анын ичинде Z брендиндеги номерлерге дагы);
  • Түйүн ичинде 1000 SMS (анын ичинде Z брендиндеги номерлерге дагы).

«СВ 7 Школьный» топтомун эки жол менен кошсо болот:

  • MEGA24 тиркемеси аркылуу толтурулган билдирүүнү жөнөтүү (Google Play же App Store’дон жүктөсө болот). Билдирүүгө окуучу болсо - туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтү, студент болсо студенттик билетинин же зачеткасынын сүрөтү тиркелиши керек.
  • Окуучулар туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтү же студенттер студенттик билеттин жана зачетканын сүрөтү тиркелген билдирүүнү MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылып, номерди көрсөтүп топтомго кошулат. «СВ 7 Школьный» топтомуна кошулуунун шарттары боюнча толук маалымат менен MegaCom’дун расмий сайтынан таанышыңыз.

* «СВ 7 Школьный» топтомуна кошулуу мөөнөтү – 2020-жылдын 1-ноябрына чейин.

Сунушталган кызматтар

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы