Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы "Электрондук күндөлүк" долбоорун ишке киргизүүгө даяр

MegaCom компаниясы "Электрондук күндөлүк" долбоорун ишке киргизүүгө даяр

MegaCom байланыш оператору мектеп окуучуларын жана мектепке чейинки балдарды аралыктан окутуу иштерин уюштурууга жигердүү катышып, 2020-жылдын февраль айында кол коюлган стратегиялык кызматташуу жөнүндө Меморандумдун негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташып келет.

Аталган министрлик менен макулдашылган келишимдин негизинде MegaCom компаниясы "Санарип мектеп" долбоорун 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап ишке ашырууга даяр. "Альфа Телеком" ЖАКтын демилгеси менен Кыргызстан боюнча 10 мектеп заманбап жабдуулар менен камсыздалат жана жакын арада бул мектептерге "Электрондук күндөлүк" системасы киргизилет.

"Санарип мектеп" долбоору төмөндөгүлөрдү өз ичине камтыйт: "Электрондук күндөлүк", "Электрондук ашкана", "Электрондук өткөрмө" жана "Электрондук китепкана". Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша жана 2020-2021-окуу жылынын башталышы аралыктан окутуу форматында өтө тургандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык, MegaCom компаниясы сервистерди этаптуу ишке киргизүү чечимине токтолду.

Алгачкылардан болуп колдонуучуларга окуучулардын күндөлүгүн көрүп туруу (көзөмөлдөп туруу) мүмкүнчүлүгүн камсыздаган "Электрондук күндөлүк" ишке киргизилмекчи. Кызмат сайттагы Жеке кабинет жана мобилдик тиркеме (Android жана IOS үчүн жеткиликтүү) аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде көрсөтүлөт.

"Электрондук күндөлүк" төмөнкүдөй функцияларды өз ичине камтыйт:

Мугалимдер үчүн:

  • сабактардын жүгүртмөсүн түзүү жана өзгөртүү;
  • баа коюу, үй тапшырмаларын түзүү;
  • жыйынтыктоочу бааларды коюу (жетишкендиктер боюнча рейтинг чыгаруу);
  • окуучулардын калтырган сабактарын белгилөө;
  • ийримдерди түзүү, кошумча сабактардын сааттарын тактоо жана башкалар;
  • ата-энелерге билдирүү жөнөтүү (жеке, класс ичинде, жалпы мектеп боюнча).

Ата-энелер үчүн:

  • сабактардын жүгүртмөсүн көрүү;
  • үй тапшырмаларын жана окуучуга коюлган бааларын көрүү;
  • жыйынтыктоочу бааларды көрүү;
  • баланын предметтер боюнча канча сабак калтыргандыгын көзөмлдөө;
  • баланын жетишкендиги боюнча рейтингден кабардар болуу.

Окуучулар дагы кагаз күндөлүккө караганда ыңгайлуу, мобилдүү жана окуу процесси боюнча актуалдуу маалыматтарды өз учурунда алууга шарт түзгөн "Электрондук күндөлүктү" колдоно алышат.

Сервис #Суперыңгайлуу тарифтер түркүмүнүн 345, 395, 595, 795 30 күндүк топтомдорун кошуп алган абоненттер үчүн акысыз. Окуу жылынын башталышын утурлай окуучулар үчүн атайын иштелип чыккан "Окуучу" жаңы тарифин колдонгон абоненттер да акысыз пайдалана алышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, "Альфа Телеком" ЖАК 2020-жылдын март айынан − өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаал башталган учурдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өлкөдөгү аралыктан окутуу программасын өнүктүрүүгө салымын кошуп келет.

Маселен, MegaCom компаниясы мектепке чейинки билим берүү боюнча "Наристе" программасынын алкагында кыргыз жана орус тилдеринде акысыз видеосабактардын (38 сабак) сериясын даярдады. Ошондой эле инклюзивдүү дистанциялык билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошуп, 1-класстан 11-класска чейинки угуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн орус тилиндеги 110 сабакты сурдокотормо менен камсыздап берди. 2020-жылдын 17-июлунан тарта MegaCom командасы мектепке чейинки "Балалык" программасы боюнча видеосабактарды тартуу ишине киришти. Бүгүнкү күндө 70ке чамалуу сабак тартылып бүттү.

Пандемия учурунда MegaCom уюлдук оператору республикабыздын мугалимдерин акысыз байланыш менен камсыздады. Окутуучулар жана окуучулар билим берүү ресурстарын эркин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Компания аралыктан окутуу программасын колдоо демилгесинин алкагында Mega24 тиркемесинде "Мектеп" бөлүмүн иштеп чыгып, ишке киргизди. Бул жерде сабактар жайгаштырылып, акысыз көрсөтүлүп жатты. Видеосабактарды сактап алуу жана колдонуу үчүн телестудияларга кубаттуу сервердик жабдууларды бөлүп берди. Мындан тышкары, мугалимдерди( видеосабактарга тартылуусу үчүн) ташууга 2 тоннадай күйүүчү май сарпталды. Муну менен катар, уюлдук байланыш операторунун жетекчилиги тарабынан ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү 1 жыл бою ( узартылышы мүмкүн) акысыз байланыш менен камсыздоо чечими кабыл алынды.

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы