Перейти на новый сайт

MegaCom өз абоненттери үчүн MegaCloud булутта сактагыч тейлөөсүн ишке киргизди

MegaCom өз абоненттери үчүн MegaCloud булутта сактагыч тейлөөсүн ишке киргизди

MegaCom уюлдук байланыш оператору Кыргызстанда алгачкылардан болуп сүрөт, видео, музыка жана башка документтерди телефондо коопсуз сактоону шарттаган MegaCloud булутта сактагыч жаңы кызматын ишке киргизди.

Мунун негизинде абоненттер телефонунун эске тутуу көлөмүн 5, 10, 50, 100 Гб, ал тургай 1 Тб чейин кеңейте алышат. Ошондой эле, эгер мобилдик телефон жоголуп же тейлөөдөн чыгып кетсе да маалыматтар коопсуз сакталып кала берет. Эгер телефонуңузга бир нерсе болсо, файлдарыңызга башка телефондон, номериңиз аркылуу кире аласыз.

MegaCloud булутта сактагычынын кандай артыкчылыктары бар?

  • Катталып жана кирүү үчүн болгону телефон номери гана керек.
  • Ишиңизди уюштурууну жеңилдетип, уюлдук телефондун эсте сактоо көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү.
  • MegaCloud'ду колдонууда интернет-трафик ашыкча коробойт. Файлдарды жүктөө, көчүрүү иштеринде интернеттин ылдамдыгы чектелбейт.
  • Кызмат үчүн акыны мобилдик баланстан ыңгайлуу төлөө мүмкүнчүлүгү.
  • MegaCloud тейлөөсүнүн жаңы колдонуучулары каалаган көлөмдөгү топтомду кошуп алууда алгачкы 30 күн бою 5 Гигабайттык булутта сактоо көлөмүн БЕКЕР АЛАТ!

MegaCloud тейлөөсүн кантип кошуп алса болот?

  • Mega24 мобилдик тиркемесин жүктөп алуу (Google Play жана App Store'до жеткиликтүү);
  • Телефон номериңиз аркылуу катталыңыз;
  • MegaCloud бөлүмчөсүнө кирип, тиешелүү эсте сактоо көлөмүндөгү топтомго кошулуңуз;
  • Даяр! Эми бардык файлдарыңызды булутта сактагычта сизге ыңгайлуу интерфейс аркылуу жүктөй бериңиз.

Мындан тышкары кызматты USSD-буйругу аркылуу дагы кошо аласыз:

USSD-буйруктарынын айына эсептелген баалары

5GB көлөмдөгүсүн кошуу үчүн

*919*1*5#

25

15GB көлөмдөгүсүн кошуу үчүн

*919*1*15#

40

50GB көлөмдөгүсүн кошуу үчүн

*919*1*50#

80

100GB көлөмдөгүсүн кошуу үчүн

*919*1*100#

150

1TB көлөмдөгүсүн кошуу үчүн

*919*1*1000#

600

Статусту текшерүү үчүн

*919#

 

MegaCloud кызматын колдонуу шарттары жана баалары тууралуу кененирээк MegaCom'дун расмий сайтынан тааныша аласыздар.

*Кызмат «АкБулут Софт» ЖЧКсы менен биргеликте сунушталат.

Сунушталган кызматтар

  • 4G LTE

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы