Перейти на новый сайт
Өлкөнүн медиктери үчүн MegaCom’дон акысыз байланыш

Өлкөнүн медиктери үчүн MegaCom’дон акысыз байланыш

MegaCom мобилдик оператору өткөн аптанын жыйынтыгы боюнча COVID-19 менен күрөшүп жаткан республикадагы 20 миңден ашуун медицина кызматкерлерин акысыз байланыш менен камсыздады.  

Компания медицина кызматкерлерин түйүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS билдирүүлөрдү, 40 Гб интернет-трафик (көлөмүнө жана убактысына бөлүнбөгөн) жана 30 күн бою түйүндөн тышкаркы чалууларды аткаруу үчүн берилген 100 мүнөттү камтыган “Ден соолук” тарифтик планына кошту.

MegaCom’дун абоненттери болуп саналган медицина кызматкерлерин аталган тарифке мобилдик оператор тиешелүү тизмеге ылайык аралыктан туруп которду. Кыргыз республикасындагы башка байланыш операторлрунун кызматынан колдонгон врачтарга болсо “Ден соолук” тарифтик планына кошулган жаңы SIM-карталар таратылды. 

Дарыгерлерди “Ден соолук” тарифине кошуу иштери дагы деле уланып жаткандыгын белгилей кетүүбүз керек.

Эске салалы, MegaCom компаниясынан медициналык мекемелердин кызматкерлери үчүн бекер байланыш кызматына кошулуу үчүн төмөндөгү номерлерге чалып, мобилдик оператордун өкүлдөрү менен байланышсаңыздар болот.

“Ден соолук” тарифтик планына кошулуу боюнча кайрылуу үчүн телефондор:

  • Баткен — 0555905779, 0555905657, 0555505167, 0555905068;
  • Бишкек — 0555505008, 0555505093, 0555505095, 0555505051, 0555505031, 0555505014, 0555505038, 0555505002, 0555505081, 0555505770;
  • Жалал-Абад — 0555505066, 0555505026;
  • Каракол — 0550905070, 0550905088;
  • Нарын — 0555505085, 0555905805;
  • Ош — 0555505094, 0555505056;
  • Талас — 0555905815, 0550905182;
  • Чүй Чыгыш — 0555905271, 0555905665, 0550905594;
  • Чүй Батыш — 0555905216, 0555905794.

Буга чейин MegaCom компаниясы радио жана ТВ тармагына жарнама жайгаштыруудан убактылуу баш тартып, үнөмдөлгөн каражатка коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркагандарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары дармектерди жана медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшоо чечимин кабыл алган. Жыйынтыгында Кыргызстандагы ооруканаларга жана стационардык мекемелерге компаниянын атынан 50 дем алдыруучу кычкылтек аппараттары тапшырылган. Дем алдыруучу кычкылтек аппаратына өтө муктаж болгон мекемелердин тизмеси MegaCom компаниясынын аймактык бөлүмдөрү жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгына жараша түзүлгөн.

Ошондой эле MegaCom мобилдик оператору обсервацияларды 5 стационардык телефон менен камсыздаган. Алардын жардамы менен карантинде жаткан бейтаптар жана медицина кызматкерлери MegaCom түйүнүнүн ичинде 5 мүнөткө чейинки бекер чалууларды аткарып жана келип түшкөн чалууларды чектөөсүз кабыл ала алышат. Муну менен катар сыртка чалуулардын саны чектөөсүз.

MegaCom бизнес коомчулугун өлкөдөгү оор кырдаалда мекендештерибизге, саламаттыкты сактоо тармагына активдүү жардам көрсөтүүгө чакырат.

Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы