Перейти на новый сайт

MegaCom ооруканаларга дем алдыруучу 50 аппарат бөлөт жана ЖМКларга жарнама берүүдөн убактылуу баш тартат

MegaCom ооруканаларга дем алдыруучу 50 аппарат бөлөт жана ЖМКларга жарнама берүүдөн убактылуу баш тартат

MegaCom жакынкы күндөрү Кыргызстанга Түркиядан алып келине турган 50 дем алдыруучу аппаратты сатып алып, республикадагы медициналык мекемелерге өткөрүп берет.

"MegaCom" компаниясы социалдык жооптуу мекеме катары мамлекетке жана өлкөнүн жарандарына коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө ар дайым жардам берип келет жана калкка активдүү кызмат көрсөтүп, жардам кылууну улантып келет.

"Кыргызстандыктардын алдында, элдин тагдыры үчүн өзүбүздүн жоопкерчиликти сезип, техника кимдир-бирөөлөрдүн өмүрүн сактап калууга жардам берерин түшүнүп, өлкөдөгү медициналык мекемелерге өткөрүп берүү үчүн Түркия республикасынан 50 дем алдыруучу аппаратка буюртма бердик", - деп белгилейт "Альфа Телеком" ЖЧКсынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Мындан тышкары, MegaCom уюлдук операторунун жетекчилиги тарабынан ЖМКларга жарнама берүүдөн убактылуу баш тартып, ага корогон каражатты коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркагандарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектерди, медициналык жабдыктарды алууга жумшоо чечими кабыл алынды. Муну менен катар "Альфа Телеком" ЖЧКсы ТВ, радиодогу PR-кыймыл жүргүзүүдөн, ошондой эле Интернетке жарнама берүүнүн ири бөлүгүнөн толугу менен баш тартат.

"MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалдын курчуп жаткан учурунда медицина кызматкерлери жакындары, туугандары менен ар дайым байланышта болуп, ошондой эле кесиптештери менен иш алып барууга шарт түзүү максатында COVID-19 менен күрөш жүргүзүп жаткан врачтарды байланыш менен камсыздоону уланта бермекчи", - деп белгиледи Акылбек Жамангулов.

Сунушталган кызматтар

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы