Перейти на новый сайт

MegaCom тоорук өткөрүү тууралуу жарыялайт

MegaCom тоорук өткөрүү тууралуу жарыялайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) төмөнкү мүлктү сатуу боюнча тоорук (ачык аукцион) жарыялайт:

Лот

Аталышы

Чыгарылган жылы

 Объектинин турган орду

Баштапкы баасы (сом)

№1

Хонда Степвагон

2003

Талас ш.

226 776

№2

Хонда Степвагон

2004

Чүй обл.

256 632

№3

Хонда Степвагон

2004

Каракол ш.

223 570

№4

Хонда Степвагон

2004

Нарын ш.

211 579

№5

Хонда Степвагон

2004

Баткен ш.

231 862

№6

Хонда Степвагон

2004

Жалал-Абад ш.

224 091

№7

Хонда Степвагон

2004

Ош ш.

225 100

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлк 7 лот менен сатылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлктүн баштапкы (старттык) наркы: 2020-жылдын 13-мартында жүргүзүлгөн баалоонун алкагында

Кызыкдар тараптардан аукционго катышуу үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:

  • катышууга арыз («Альфа Телеком» ЖАКтын кеңсесинде толтуруу);
  • өздүгүн тастыктаган документтер – паспорт;
  • кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документинин көчүрмөсү.

Юридикалык жактардан талап кылынуучу кошумча документтер:

  • уюштуруу документтеринин тиешелүү тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • бардык деңгээлдердин бюджеттерине салык милдеттенмелери жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча талапкердин карызынын жок экендиги (билдирме калтырган датага карата тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана салык органынын маалымкаты). Бул талап чет өлкөлүк талапкер, Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн милдеттүү болуп саналбайт.
  • юридикалык жактын өкүлүнүн наамына жазылган, анын юридикалык жактын атынан чыгуу жана тиешелүү иш-аракеттерди аткарууга (бүтүмдөрдү чыгарууга) ыйгарым укугун тастыктоочу ишеним кат.

Эгерде билдирме талапкердин өкүлү тараптан берилсе, талапкердин атынан иш-аракет аткарууга укугу бар жактын атына түзүлгөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат (түп нускасы же көчүрмөсү) талап кылынат.

Кепилдик төлөмдүн өлчөмү, суммасы жана кепилдик төлөм которула турган эсептин реквизиттери:

  1.  кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы баанын суммасынан 10 % ды түзөт;
  2.  «Альфа Телеком» ЖАКтын эсеп/кысап эсебинин банктык реквизиттери:

«Альфа Телеком» ЖАК

Эсеп: №1290523130438769

БИК: 129052

СИН(ИНН): 00406200910056

«РСК Банк» ААКтын Бишкек филиалы

Бишкек ш., Сүйүмбаев көч., 123

Кыргыз Республикасы.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер Бишкек ш., Сүйүмбаев көчөсү № 123 дареги боюнча жайгашкан «Альфа Телеком» ЖАКтын кеңсесинде кабыл алынат.

Аукционго катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу: 2020-жылдын 26-июнунан 26-июлуна чейин.

Аукцион өткөрүлүүчү дарек, күн, убакыт жана форматы: Бишкек ш., Сүйүмбаев көчөсү № 123, 2020-жылдын 28-июлу, саат 10:00, ачык аукцион.

Эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу ачык аукциондун жеңүүчүсү болуп табылат. Аукциондун жеңүүчүсү сатуу-сатып алуу келишиминде белгиленген өлчөмдө комиссиялык жыйымды төлөп берүүгө милдеттенет.

Аукционго катышууга талапкерлер үчүн чектөөлөр: чектөөлөр жок.

Сатуучу тарабынан белгиленген кошумча талаптар жана маалымат: жок.

Аукциондун уюштуруучусу – «Альфа Телеком» ЖАК. Өткөрүлүүчү аукцион, аны өткөрүүнүн эрежелери жана сатуу объектилери жөнүндө маалыматты Компаниянын Бишкек ш., Сүйүмбаев көч., 123 дареги боюнча жайгашкан кеңсесинен же 0555 905 710, 0550 905 805; 0555 905 833 телефондору аркылуу алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы