Перейти на новый сайт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги MegaCom компаниясына онлайн окутууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги MegaCom компаниясына онлайн окутууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги MegaCom компаниясынын өкүлдөрүнө аралыктан окутуу механизмин өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлик менен MegaCom уюлдук оператору биргеликте жумшаган күчтүн негизинде өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режими жарыяланган учурда мугалимдерди, орто мектептин окуучуларын жана ЖОЖдордун студенттерин үзгүлтүксүз байланыш жана чектөөсүз интернет менен камсыздап турууга, ошондой эле өлкөнүн жаштарын билим берүү тармагындагы актуалдуу контенттерди жеткиликтүү кылган санариптик кызматтар менен камсыздоого мүмкүн болду.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, “Сорос Кыргызстан” фонду жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн атынан “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангуловдун атына ыраазычылык каты ыйгарылды.

“MegaCom’дун Кыргызстандагы аралыктан окутуу ыкмасына багытталып уюштурулган телесабактары татыктуу бааланганы биз үчүн жагымдуу. Биз мектеп окуучулары жана студенттер оор эпидемиологиялык шартта билим алуусун онлайн түрүндө улантуусу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине колдоо көрсөтүү сунушун киргизген алгачкы уюлдук оператор болдук, - деп белгиледи “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов. - Биргеликте күч жумшоо менен биз видеосабактардын тартуу иштерин кеңсебизде уюштурдук, Mega24 (Google Play жана App Store’дон жүктөп алууга жеткиликтүү) тиркемесиндеги атайын бөлүмдөрдү иштеп чыктык, “Мугалим 150” тарифин, мугалимдерге, окуучуларга жана студенттерге билим берүү тармагындагы санарип контенттер менен чектөөсүз колдонууга шарт түзгөн “Окутуучу”, “Окуучу”, “MegaСтудент” кошумча бонустук топтомдорун ишке киргиздик”.

MegaCom социалдык-жооптуу мекеме катары карантиндин шартында мекендештерге колдоо көрсөтүүнү улантат. Анткени компаниянын негизги максаттарынын бири – атамекендик уюлдук оператордун чыныгы колдоосуна муктаждарга жардам берүү болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы