Перейти на новый сайт

Миң саат бою сүйүктүү сериалдар, оюндар жана YouTube: MegaCom’дун интернети баарына жетет!

Миң саат бою сүйүктүү сериалдар, оюндар жана YouTube: MegaCom’дун интернети баарына жетет!

Мобилдик интернетке жогорку ылдамдыкта кирүү мүмкүнчүлүктөрү MegaCom компаниясынын абоненттерине кино жүктөп алууга, аны онлайн көрүүгө, мессенджерлерде жана социалдык түйүндөрдө сүйлөшүүгө, музыка угууга, мобилдик оюндарды ойноого, WiFi менен интернет таратууга же аны популярдуу тиркемелерде пайдаланууга шарт түзөт. Тарифтик планды тандоодо жаңылбоо үчүн сизге кандай көлөмдөгү интернет оптималдуу болорун билүү маанилүү.

MegaCom колдонуучулардын кызыкчылыктары жана интернет-трафиктин керектелиши боюнча статистиканы анализдеп көрдү. Буга мисал катары чексиз ылдамдыктагы 100 Гб кошулган интернет, тармактарга (2G/3G/4G), күн-түнгө бөлүнгөн, түйүн ичинде чалуулары жана SMS акысыз болгон, түйүндөн тышкары 70 мүнөт акысыз берилген 30 күндүк #Суперыңгайлуу 595 тарифтик планын алдык.

100 гигабайт мобилдик Интернети абонентке канча убакытка жетет?

  • YouTube’да 1000 саат: бул кызматта колдонуучу бир сааттык видеону (240р сапатында) көрүүгө 100 Мб интернет сарптайт. Тарифтик планды кошуу менен абонент 100 Гб интернет менен YouTube’дан орто эсеп менен 1000 саатка жакын видео көрө алат. Баса, сиз YouTube'дагы видеону тездетүү менен кыска убакыттын ичинде көбүрөөк пайдалуу контентти көрө аларыңызды билген белеңиз?! YouTube Go кызматынын жардамында сиз видеону алдын ала көчүрүп алып, кийин ал видеону офлайн режимде каалаган ыңгайлуу учурда көрсөңүз болот.
  • 3000 сааттык оюндар: орто көлөмдөгү мобилдик геймерге саатына 30 Мбга жакын интернет сарпталат. Башкача айтканда, 100 ГБ интернет трафиги 3000 сааттан ашык онлайн оюндар үчүн жетиштүү. Ал эле эмес #Суперыңгайлуу 595 тарифтик планына кошулгандар WiFi менен акысыз интернет таратып, достору менен биргеликте мобилдик мелдештерди уюштурса болот.
  • Сүйүктүү сериалыңыздын 250 сериясы: ар бир сериясы орто эсепте 40 мүнөткө созулса 250 серияны көрүүгө 100 Гб көлөмүндөгү интернет топтому жетет (480p сапатындагы контент сериалдарын камсыз кылган сайттардын негизинде).

Сунушталган кызматтар

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы