Перейти на новый сайт
MegaCom кыргызстандыктарды Энелердин эл аралык күнү менен куттуктады

MegaCom кыргызстандыктарды Энелердин эл аралык күнү менен куттуктады

Энелердин эл аралык күнүн утурлай “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башкы директору Акылбек Жамангулов Бишкек шаарындагы көп балалуу аялдарды куттуктады.

Биринчилерден болуп гүлдесте, азембелектер топтому жана MegaCom компаниясынын атынан даярдалган тортту көп балалуу эне, уюлдук оператордун 14 жылдан берки туруктуу абоненти Батма Эстебесова алды. Ал 2006-жылдын апрель айында MegaCom’дон SIM-карта алып ошондон бери компаниянын кызматтарынан пайдаланып келет.

“Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангуловдун куттуктоосуна Батма Эстебесова ыракмат айтып, көңүл буруп куттуктагандыгы үчүн жана уюлдук оператордун сапаттуу байланыш кызматтары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

MegaCom компаниясынын жетекчиси борбор калаанын четинде жайгашкан жаңы конуштарда жашаган көп балалуу энелерди да куттуктады. Жардам көрсөтүлгөн энелердин даректери Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык коргоо башкармалыгынан алынды.

«Энелер бир үйдүн очогунун сактоочулары, адамга жашоо тартуулоочулар. Андыктан майрам алдында биз аларга жылуу сөз арнап, чакан болсо да белектер менен куттуктоону туура көрдүк. Энелер – жашоонун символу, боорукерликти, кам көрүүнү, назиктикти өздөрүнө терең камтыган асылзат. Алар биздин мамлекеттин келечегин куруучулар. Биздин максат аларга бул жаатта жардам көрсөтүү», - деди “Альфа Телеком” компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

MegaCom компаниясы 7 баланын энеси, 35 жыл медайым болуп эмгектенип, азыр шартына байланыштуу иштебей калган Гүлмира айымды да куттуктады. Акылбек Жамангулов ага азык-түлүктөрдүн топтомун, гүлдесте, торт жана компаниянын атынан каржылык колдоо максатында 10 миң сом тапшырды. Ушундай эле жардам көп балалуу эне Салима эжеге жана II топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жети баланы тарбиялап жаткан Токтобүбү эжеге да берилди. Айтымында, баатыр эне тапкан акчасынын басымдуу бөлүгүн дары каражаттарын алганга жумшайт.

MegaCom компаниясынын өкүлү менен сүйлөшүп жатып Токтобүбү эже: “Энелердин эл аралык күнүн утурлап көңүл бурганыңарды баалоого татыктуу деп билебиз. MegaCom компаниясына каржылык жана азык-түлүк менен жардам бергенине ыракмат. Баса, карантин учуруна туш келип көрсөтүлгөн бул жардам 2 эсе пайдалуу болду”, - деди.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу MegaCom компаниясынан Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 6 миңден ашык жашоочуга азык-түлүк жана SIM-карталар таратылган.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы