Перейти на новый сайт

MegaCom: «Окуучу» акысыз интернет топтому – бул үйдөн чыкпастан эле билим алуу жана бош убакытты кызыктуу өткөрүү

MegaCom: «Окуучу» акысыз интернет топтому – бул үйдөн чыкпастан эле билим алуу жана бош убакытты кызыктуу өткөрүү

Эртеңден баштап, тактап айтканда, 8-апрелден тарта орто мектептерде IV чейрек башталат. Бул чейректе окуу программасын үйрөтүү кадимки сабактардан айырмаланат. Өлкөбүздө жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу 1-класстан 11-класска чейинки бардык мектеп окуучулары аралыктан (дистанттык) билим алуу формасында окуй башташат.

Ушуга байланыштуу MegaCom мектеп окуучулары үчүн мыкты сунушту – «Окуучу» акысыз кошумча топтомун ишке киргизди. Өлкөбүздүн мектеп окуучулары бул топтомду кошуп алуу менен, MEGA24 тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүндө жайгаштырылган билим берүү мүнөзүндөгү онлайн-ресурстарды акысыз колдоно алышат! Бул бөлүмдө КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин контенти гана эмес, MegaCom компаниясы тарабынан топтолгон электрондук китептер, видеосабактар жана башка атайын окуу материалдары да бар жана алардын бардыгы аралыктан билим алуу үчүн ыңгайлуу. MEGA24 тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.

«Окуучу» топтому өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Баланста акча каражаты жок болгон учурда түйүн ичинде акысыз чалуулар;
  • КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин бардык ресурстарына акысыз жетки алуу (oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg);
  • Google Classroom сервисине ( Google тарабынан билим алуу үчүн атайын иштелип чыккан) акысыз жетки;
  • MEGA24 тиркемесине жана анын ичинде жайгаштырылган билим берүү контентине акысыз жетки.

Эртеңки келечек ээлери болгон жаштарыбыз таланттуу жана заман талабына ылайык ар тараптуу өнүгүүгө умтулуп келишет. Өкмөтүбүз тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу миңдеген жаштарыбыз үйдөн чыкпастан, көп убактысын Интернет айдыңында өткөрүүдө. Уюлдук оператор мектеп окуучуларынын каалоолорун жана мүдөөлөрүн эске алуу менен, карантин маалында бош убактыларын кызыктуу өткөрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берди. Эми алар окуудан тышкары болгон учурларда сүйүктүү оюндарына жана тиркемелерине акысыз кире алышат.

Карантин маалында балдар үчүн төмөнкү сервистер АКЫСЫЗ:

  • Чектөөсүз WhatsApp,
  • Чектөөсүз Instagram,
  • Чектөөсүз TikTok;
  • Мобилдик оюндарга чектөөсүз трафик:
  • PUBG Mobile;
  • Garena FreeFire;
  • BrawlStars;
  • World of Tanks Blitz;
  • Dota 2 Underlods;
  • Clash of Clans.

«Окуучу» топтомун кантип кошуп алууга болот?

Акысыз топтомду кошуп алууда MegaCom SIM-картасынын болгондугу жетиштүү жана телефон номерин класс жетекчиге жөнөтүп коюу керек. Курч эпидемиологиялык кырдаалга жана көчөгө чыгууга коюлган чектөөлөргө байланыштуу, компания убактылуу бардык окуучуларга SIM-карталарды жеткирип бере албайт. Маанайыңызды түшүрбөй эле койсоңуз болот, симкаларды жакын жерде жайгашкан азык-түлүк дүкөнүнөн, дүкөндөрдөн сатып алууга, же болбосо MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорундан, жана да биздин промоутерлерибизден АКЫСЫЗ алууга болот.

Эскертүү: Чет өлкөлөрдун байланыш операторлорунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, азыркы муундагы уюлдук операторлор массалык онлайн-сабактарды өткөрүүгө жана ири масштабдагы видеоконференцбайланышты колдонууга даяр эмес. MegaCom компаниясы аралыктан окутуу үчүн WhatsApp мессенжерин колдонууну сунуштайт. Анын башкы артыкчылыгы – бардык мугалимдердин жана окуучулардын аны колдоно билгендигинде. Атайын даярдыгы бар класстар Google Classroom сервисин колдонсо болот. Аталган сервис колдонуу ыкмасын туура өздөштүрүп алгандар үчүн абдан натыйжалуу. MEGA24 тиркемеси мугалимдин сунуштамасы боюнча тандалган видеосабактарды, электрондук китептерди жана башка окуу материалдарды окуучунун өз алдынча үйрөнүүсү үчүн ыңгайлуу.

Сунушталган кызматтар

  • MEGOGO

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы