Перейти на новый сайт
MegaCom Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларын онлайн-окутууну ишке киргизди

MegaCom Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларын онлайн-окутууну ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте дистанттык онлайн-билим берүү программаларын ишке киргизмекчи. Мындай кадам, өз кезегинде, өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдын шартында окуу процессин үзгүлтүксүз уюштурууга өбөлгө түзөт.

MegaCom компаниясы, КРдин калкына кам көргөн социалдык жооптуу ишкана катары, «Альфа Телеком» ЖАК менен КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда «Санарип мектеп» билим берүү долбоору боюнча кызматташтык тууралуу кол коюлган меморандумдун алкагында дистанттык билим берүү процессин ишке ашырууга көмөктөшөт.

Аталган демилгенин алкагында Mega24 тиркемесинде (Google Play, App Store) мугалимдер жана окуучулар билим берүү контентине акысыз жетки ала алышат. Бул тиркеменин базасында санарип билим берүү контенти – видеосабактар, санарип окуу китептери жана башка зарыл материалдар (предметтер, класстар боюнча бөлүнгөн) кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жайгаштырылат.

MegaCom ЭлТР жана КТРК телеканалдарына видеконтент даярдоого да көмөк көрсөтмөкчү. Азыркы учурда «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы кеңсесинде республиканын мектеп окуучулары үчүн видео-сабактар тартылууда.

Мындан тышкары, киргизилген өзгөчө абалдын жана карантиндин учурунда «Альфа Телеком» ЖАК орто мектептердин педагогикалык курамын жана бардык класстардын окуучуларын Mega24 тиркемесине жана өлкөбүздүн билим берүү багытындагы Интернет-ресурстарына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар тарифке кошулган SIM-карталар менен камсыздайт. Баланс жетишсиз болгон шартта да каалаган китепти же таап алууга же онлайн-сабакты көрүүгө болот.

MegaCom байланышына кошулган мугалимдер жана окуучулар үчүн кошумча бонустар да каралган:

  • WhatsApp тиркемеси аркылуу баарлашуу үчүн трафиктин чектөөсүз көлөмү жана түйүн ичиндеги акысыз чалуулар;
  • Билим берүү министрлигинин демилгесинин алкагында кошулган SIM-карталар 2020-жылдын күз айларында «Санарип мектеп» долбоору боюнча «Электрондук күндөлүк» жана «Электрондук журнал» системаларына автоматтык түрдө кошула алат.

Мугалимдерди жана окуучуларды SIM-карталар менен камсыздоодо MegaCom компаниясы тарабынан жооптуу адистердин тизмеси:

  • Бишкек ш. – 0555 905 501;
  • Баткен обл. – 0555 505 016;
  • Жалал-Абад обл. – 0555 505 303;
  • Ысык-Көл обл. – 0555 505 767;
  • Нарын обл. – 0555 505 092;
  • Ош обл. – 0555 905 568;
  • Талас обл. – 0555 505 079;
  • Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондору – 0555 905 080;
  • Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондору – 0555 505 610.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы