Перейти на новый сайт

Коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөө керекпи? MegaPay − сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

Коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөө керекпи? MegaPay − сиздин ишенимдүү жардамчыңыз! 

Коммуналдык кызматтарды «илгеркидей» төлөө, т.а. кассаларга баруу, учу-кыйырсыз кезек күтүү − бул кечээки күн. Убактыңыз кезек күтүү менен өткөн мезгил эсиңиздедир. Бүгүн биз MegaPay тиркемеси аркылуу төлөм жүргүзүүнүн 5 артыкчылыгын баса белгилей кетели. MegaPay тиркемеси заман талабына шайкеш кадам таштаган ар бир абонентибиз үчүн сонун табылга экендиги шексиз.

  • Жөнөкөйлүк

MegaCom абоненттери коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдү оңой эле төлөй алышат. Бул үчүн телефонуңузга MegaPay акысыз тиркемесин кошуп алыңыз. Тиркемени  Google Play Market же  App Store аркылуу жүктөп алсаңыз болот. Сервистин интерфейси  төлөм аткарып жаткан ар бир колдонуучу үчүн түшүнүктүү. 

  • Ыңгайлуулук

Коммуналдык кызмат үчүн акы төлөө бардык жерде жеткиликтүү. Үйдө же жумушта болсоңуз да, ал гана эмес чет өлкөлөрдө эс алууда жүрсөңүз даже ишкер сапарда болсоңуз да  көз ачып -жумгуча төлөм жүргүзө аласыз.

  • Убакытты үнөмдөө

MegaPay майрам күндөрүндө, дем алышсыз жана күнү-түнү иштейт. Алтындай убактыңызды үнөмдөңүз.

  • Отчёттуулук

Бардык төлөм операциялары төлөмдөр тарыхында сакталат. Эгерде кааласаңыз, ар бир төлөмдүн дүмүрчөгүн алсаңыз болот. Кам санабаңыз, эми коммуналдык кызматтар үчүн акыны ар дайым өз учурунда төлөп турсаңыз болот.

  • Коопсуздук

Коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөдө киргизилип жаткан маалыматтардын тууралыгын MegaPay автоматтык түрдө текшерет. Ката болгон учурда акча каражаттары  эсептен алынбайт. Система туура реквизиттерди киргизүүнү суранат.  

MegaPay − коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөнүн менен ылдам жана ишенимдүү жолу!

Сунушталган кызматтар

  • eSIM

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы