«Балдар кайда?» кызматынан колдонуу мурдагыдан да ыңгайлуу болуп калды
MegaCom компаниясы ата-энелер менен жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшүүгө шашылат! «Балдар кайда?» кызматы мурдагыдан да ыңгайлуу болуп калды − эми суткада баланын жүргөн жерин аныктоо үчүн аткарылган алгачкы 3 сурам АКЫСЫЗ!
Ыңгайлуу сунушту колдон чыгарбаңыз! Алгач *089*0АААхххххх# буйруусунун жардамы менен балаңыздын номурун өз тизмеңизге кошуңуз, андан кийин анын номурунан 1 саны менен SMS жөнөтүп же *088*0АААхххххх# (ата-эненин номуру менен) терип тастыктоо алыңыз. Кызмат бардык түзмөктөр үчүн жеткиликтүү.
Балаңызга улам сайын чалуунун жана «Сен кайдасың?» деген суроону берүүнүн эми кажети жок. *089*баланын номуру# кыска номуруна SMS-сурам жөнөтүп коюу жетиштүү. Сиздин түзмөгүңүзгө балаңыз жүргөн дарек жана жүргөн жерин көрсөткөн картага шилтеме келет.
Суткадагы алгачкы 3 сурам акысыз, төртүнчү сурамдан тарта 5 сомдон алынат. Ата-эне үчүн абоненттик төлөм суткасына 1 сомду түзөт.
«Балдар кайда?» кызматы менен колдонууда телефонуңузга күч келтире турган тиркемелерди кошуп алуунун зарылчылыгы болбойт. Кызмат тууралуу толук маалымат компаниянын сайтында жайгаштырылган.