MegaCom "Балдар кайда?" кызматына өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 26.08.2019-ж. тарта "Балдар кайда?" кызматына киргизиле турган өзгөртүүлөр тууралуу өз абоненттерине маалымдайт. Жүргөн жерин аныктоо үчүн суткада аткарылган алгачкы 3 сурам акысыз, 4-сурамдан тарта аткарылган сурамдардын наркы 5 сомду түзөт.
Кызматтын калган бардык шарттары өзгөртүүсүз калтырылат.