Перейти на новый сайт
MegaCom: MegaHome сиздин үйүңүздө!

MegaCom: MegaHome сиздин үйүңүздө!

MegaCom компаниясы өз абоненттери үчүн MegaHome* тарифтик сунушун тартуулайт. Жаңы кызматтын боюнча алсак, байланыш кызматтары, кабелдик телеберүү жана үй интернети бир топтомдо камтылган жана төлөм бир мобилдик номур аркылуу жүргүзүлөт.

Болгону 1490 сом үчүн айына 120 дан ашык телеканал, секундасына 20 мегабитке чейин үй интернети, номурлар арасындагы акысыз чалуулары менен эки SIM-карта, түйүн ичинде 5000 мүнөт, жана да чектелбеген ылдамдыктагы күндүзгү трафиктин 35 Гигабайты жана түнкү чектөөсүз интернет. Кызыктуу бекен! Ыңгайлуу топтомдорду иштеп чыгууда компаниянын адистери тарабынан абоненттердин мүдөөлөрү жана каалоолору эске алынды, натыйжада абоненттер жеткиликтүү баадагы, жогорку ылдамдыктагы интернеттен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

 «Абоненттерибиз биз үчүн ар дайым алдыңкы орунда. Демек, алардын мүдөөлөрүн эске алып, заман талабына шайкеш кызматтарды иштеп чыгууга басым жасап келебиз. Бир нече кызматты бир топтом аркылуу көрсөтүүгө неге болбосун! Маселен, жогорку ылдамдыктагы интернетти, мобилдик байланышты жана телеберүүнү бир топтом аркылуу көрсөтүү. Эң башкысы, бардыгы мыкты сапатта. Биз жаңы сунушту иштеп чыгуу жана ишке киргизүү чечимин кабыл алдык. Жаңы кызмат телеком-кызматтарынын жыйындысы десек  жаңылышпайбыз. Оператордун бир эле эсеби менен бир нече нече санарип кызмат үчүн акы төлөөгө болот», – деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Юлия Саулина.

MegaHome –  абоненттерди бир катар ыңгайлуулуктар менен камсыздаган үнөмдүү кызмат жана алардын көңүлүнө төп келе тургандыгына шек жок.

MegaHome тарифтик сунушун кошууга билдирме калтыруу жана кызмат көрсөтүү шарттары менен таанышууну кааласаңыз, megahome.kg сайтын барактаңыз же  0555 00 80 00 номуруна чалыңыз.

* Техникалык өнөктөш: “Акнет” ЖЧК. Лицензиялар “Акнет” ЖЧКнын лицензиялары: КР МБА №17-0110-КР, №00-110-КР, 14-1090-КР.

Сунушталган кызматтар

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы