Перейти на новый сайт

MegaCom: Кара-Кулжада жаңы Фирмалык салон ачылды

MegaCom: Кара-Кулжада жаңы Фирмалык салон ачылды

MegaCom компаниясы Кара-Кулжа айылында жаңы Фирмалык салонунун ачылгандыгы тууралуу маалымдайт.

80 миңден ашуун адам жашаган Кара-Кулжа айылы Кара-Кулжа районунун административдик борбору болуп саналат. Аталган аймактагы абоненттерибиз үчүн бул кубанычтуу кабар. Бул жерде  мобилдик оператордун абоненттери келишимди тариздеп, тарифтик план тандап же алмаштырып, мобилдик байланыш кызматтары үчүн төлөмдү комиссиясыз төлөп, жана да кошумча байланыш кызматтарын кошо алышат.

Уюлдук оператордун иш билги адистери болсо, жеке жана корпоративдик тейлөө маселелери боюнча кеп-кеңештерин беришет. MegaCom компаниясынын Кара-Кулжа айылына жаңыдан ачылган Фирмалык салону Калматаев көчөсү 53 дарегинде жайгашкан. Иш убактысы: саат 09:00дөн 18:00гө чейин (майрам күндөрүн кошкондо). Дем алыш – жекшемби, саат 12:30дан 13:30га чейин түшкү тыныгуу.

Сунушталган кызматтар

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы