Перейти на новый сайт

Ысык-Көлдө MegaCom менен же аптаптуу жайды жомоктогудай өткөр!

Ысык-Көлдө MegaCom менен же аптаптуу жайды жомоктогудай өткөр!

Жайкы эс алууңду жомоктогудай өткөрүү үчүн эмне керек? Албетте, алтын чабак туйлаган көгүлтүр көл, шаңдуу кумжээк, жүзүңдөн аяр сылаган күн нурлары жана эстен кеткис таасирлериң менен бөлүшүү үчүн ишенимдүү MegaCom байланышы.

Жыл сайын Ысык-Көлгө жүз миңдеген эс алуучулар келишет. Абоненттеринин мүдөөлөрүн ар дайым алдыңкы орунга койгон MegaCom Ысык-Көл аймагында түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү жана жабдууларын жаңылоого басым жасап келет.

Маселен, жылдын башынан тарта  уюлдук оператордун техникалык адистери 4G-түйүнүнүн сыйымдуулугун арттыруу жана маалымат өткөрүүнүн ылдамдыгын жогорулатуу боюнча бир катар жумуштарды аткарышты. Натыйжада көл кылаасынын  күңгөй жана тескей тараптарында жайгашкан 20га жакын айылдардын жашоочулары жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдонуу мүмүкүнчүлүгүнө ээ болуп, социалдык тармактар, мессенджерлер жана сайттар алар үчүн жеткиликтүү болуп калды.

LTE колдоосу менен жаңы базалык станцияларды ишке киргизүүнүн натыйжасында болсо, Бөкөнбаев жана Ананьево айылдарында төртүнчү муун түйүнү ишке киргизилди. 2G жана 3G стандартындагы түйүндү жаңылоонун негизинде болсо, Ысык-Көл облусунун 20 калктуу түйүнүндө, анын ичинде Чолпон-Ата, Балыкчы жана Каракол шаарларында үн байланышынын сапаты жакшыргандыгы байкалды. Мындан тышкары, автоунаа жолдорун жээктей, эс алуу жайларынын аймактарында жана кумжээктерде байланыш жабдуулары жаңыланды.

Бүгүнкү күндө  Ысык-Көл облусунун тургундарынын 98% байланыш менен камсыз болсо, жыл башынан тарта 4G түйүнүнүн сыйымдуулугу бир нече эсеге жогорулады.

Аптаптуу жайды MegaCom менен өткөр! Ысык-Көл сени күтөт!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы