Перейти на новый сайт

Bishkek Park соода борборунда кезектеги MegaStore ачылды

Bishkek Park соода борборунда кезектеги MegaStore ачылды

MegaCom компаниясы абоненттерди тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана жеке филиалдык түйүнүн кеңейтүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындай аракеттер, албетте, өз жемишин бере тургандыгы анык. Айтмакчы, MegaCom компаниясы Bishkek Park соода борборунда MegaStore заманбап сатуу кеңсесин ачты.

MegaStore заманбап кеңсесине келген ар бир кардар Xiaomi, LG, Huawei, Samsung, Apple, Honor дүйнөлүк бренддеринин жаңы түзмөктөрүн жана алардын аксессуарларын жагымдуу баада сатып алышса болот. Сизге кайсы бир телефон абдан жагып калды дейли. Аны азыр сатып алууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсочу? Кам санабаңыз! Аны насыяга алсаңыз болот. Насыяны жол-жоболоштуруу үчүн иштеген жериңизден акыркы 6 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат же банктын көчүрмөсү (КРдин каалаган банкынын айлык акы долбоору боюнча) жана паспорт гана талап кылынат.

Мындан тышкары, MegaStore заманбап кеңсесинде кепилденген белектери жана бонустары менен түрдүү акциялар байма-бай өткөрүлүп турат. Маселен, смартфон сатып алууда жогорку ылдамдыктагы интернеттин 20 гигабайты 1 айга акысыз берилет! Ыңгайлуу сунуш бардык тарифтик пландарда жеткиликтүү жана төлөмдүн бардык түрлөрү үчүн аракетте болот. Акция тууралуу толук маалымат   алууну кааласаңыз, бул шилтемени басыңыз.

MegaStore сатуу кеңсесинин ачылышына келген меймандар үчүн кызыктуу шоу-программа даярдалып, бүйүр кызыткан  конкурстар өткөрүлүп, жигердүү катышкандарга белектер тартууланды. Мукамдуу ырлар айлананы өзгөчө шаңга бөлөп турду.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Конуштой»  лотереясынын жеңүүчүсү аныкталды. Бактылуу жеңүүчү –  Ош шаарынын тургуну Фуркат Абдулажанов. Башкы байгеге – Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге ээ болгон жеңүүчү кубанычын жашырган жок. Ал MegaPay төлөм капчыгы менен колдонуп келген жана  кокусунан тандоонун жыйынтыгында лотереялык купону утушка ээ болгон.

«MegaPay тиркемеси менен лотерея башталганча эле колдонуп келгем. Бул абдан ыңгайлуу. Коммуналдык кызмат үчүн акы төлөө же баланс толуктоо үчүн  эч жакка чыкпайм. Каалаган учурда өз телефонумдун жардамы менен керектүү төлөмдөрдү жүргүзө алам. Эми менин Бишкекте батирим бар. Бул  купуя тилегим болчу. Сиздерге ыраазычылык билдирем. Мен бактылуумун!» – деген таасирлери менен бөлүшө кетти  Фуркат Абдулажанов.

Bishkek Park соода борборунда жайгашкан жаңы MegaStore штаттык ырааттамада иш алып барууда жана күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө Сиздерди күтөт!

 

Сунушталган кызматтар

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы