Перейти на новый сайт

MegaCom: 4G түйүнү республикабыздын жалпы аймагында кеңири кулач жаюуда

MegaCom: 4G түйүнү республикабыздын жалпы аймагында кеңири кулач жаюуда

MegaCom компаниясы 4G түйүнү камтыган аймакты кеңейтүүгө басым жасап, алыс жайгашкан калктуу конуштарды да  көз жаздымда калтырган жок. Жаңы базалык станцияларды орнотууга багытталган техникалык жумуштардын натыйжасында Ош облусунун Баглан, Таш-Булак (Ынтымак  айыл өкмөтү), Чүй облусунун Асылбаш, Киров, Конуш, Саз, Крупское жана Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын тургундарына  4G түйүнү жеткиликтүү болуп калды.

Мындан тышкары, мобилдик оператор Бишкек, Токмок, Кара-Балта шаарларында Чүй жана Ош облустарында аракеттеги төртүнчү муун түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтти. Заманбап технологиялар аркылуу  MegaCom абоненттери саналуу мүнөттөрдүн ичинде сүрөттөрдү жана  видеолорду жүктөп,  мессенджерлерде баарлашып, социалдык тармактарда саякаттай алышат. 

Компания туташуунун ишенимдүүлүгүн камсыздаган 2G жана 3G түйүндөрүнө да өзгөчө көңүл буруп келет. Маселен, Бишкек шаарында, жана да Жалал-Абад облусунун бир катар айылдарында үн байланышынын жакшыргандыгын байкалды.

4G стандартындагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдонууну каалаган  MegaCom абоненттеринде  смартфонунун жана бул технологияны колдогон  SIM-картасынын болгондугу жетиштүү. SIM-картаңыздын  4G стандартын колдой тургандыгын билгиңиз келсе, *460 буйруусун териңиз. Эгерде колдобосочу? Анда SIM-картаңызды MegaCom Сатуу жана тейлөө борборунан акысыз алмаштырыңыз.

Жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлин текшерип турууну каалайсызбы? 2G, 3G жана 4G боюнча маалыматтар менен MegaCom Түйүн менен каптоонун интерактивдүү картасы аркылуу онлайн режимде таанышууга болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы