Перейти на новый сайт
MegaPay тиркемесинде акча каражаттарды накталай акчага айландыруу жаңы опциясы жеткиликтүү болуп калды

MegaPay тиркемесинде акча каражаттарды накталай акчага айландыруу жаңы опциясы жеткиликтүү болуп калды

70тен ашык түрдүү кызматтар үчүн көз ачып-жумгуча төлөм жүргүзүүгө болот. Албетте, сөз абоненттердин мүдөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан жана көптөгөн колдонуучулар үчүн баалуу табылга болгон MegaPay жөнүндө болуп жатат.   

MegaPay сервиси жаңы функция менен толукталды. Эми MegaPay тиркемесинде акча каражаттарын накталай акчага айландыруу абдан оңой  болуп калды. Акча каражатыңызды "Элкарт” төлөм картасына которуу аркылуу накталай түрдө алсаңыз болот. Бул абдан ыңгайлуу жана которууда болгону 1% комиссия алынат.

Ыңгайлуу кызматтан колдонууну кааласаңыз, MegaPay акысыз тиркемесин смартфонуңузга Google Play Market же App Store аркылуу жүктөп алыңыз. Андан кийин  «Банк кызматтары» бөлүмүнө кириңиз жана «Элкарт» пунктун тандаңыз. Төлөм картаңыздын номурун киргизип, которула турган сумманы көрсөтүңүз. Төлөм ошол замат түшөт. Комиссия болгону 1%.  Акча каражаттарыңызды каалаган банктан накталай алсаңыз болот.

Толук маалымат компаниянын megacom.kg сайтында.

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы