Перейти на новый сайт

MegaCom: #СУПЕРЫҢГАЙЛУУ жаңы тарифи колдонуучулардын көңүлүнө төп келди.

MegaCom: #СУПЕРЫҢГАЙЛУУ жаңы тарифи колдонуучулардын көңүлүнө төп келди.

Жумасына болгону 50 сом үчүн 10 ГБ интернет + тариф ичинде чектөөсүз чалуулар жана  түйүн ичинде 200 мүнөт – бул MegaCom уюлдук операторунун жаңы сунушу. Абоненттеринин мүдөөсүн алдыңкы орунга койгон уюлдук оператор тарабынан кезектеги ыңгайлуу кызмат ишке киргизилди. Ыңгайлуу тариф, албетте, абоненттердин кызыгуусун арттырбай койгон жок.

    Буга таң калбай деле койсок болот. Колдонуучуга  10 ГБ – күнү-түнү 6 ГБ, анын ичинде: 4G түйүнүндө 4 ГБ ыкчам интернет жана бардык түйүндөрдө 2 ГБ, бардык түйүндөрдө түнкүсүн 4 ГБ берилет. MegaCom компаниясы, Кыргызстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн  4G түйүнү менен ишенимдүү камтуу менен, өз абоненттерине интернеттин берилген көлөмүн(6 ГБ күнү-түнү жана 4 ГБ түнкүсүн) толук кандуу колдонуу мүмкүнүчүлүгүн тартуулайт. Ушул эле дейсизби, #СУПЕРЫҢГАЙЛУУ тарифинин дагы бир катар жагымдуу «өзгөчөлүктөрү» бар. Анда эмесе, кеп учугун дал ушул өзгөчө шарттар тууралуу уласак.

  • Автоматтык түрдө жаңылануу – негизги интернет-топтом аяктаган учурда,  баланста жетиштүү сумма болсо, мобилдик интернетти максималдуу ылдамдыкта колдоно берүү. Абоненттерибиз убактысынын көбүн социалдык тармактарда саякаттоо менен өткөрүшөт эмеспи. Эми кезектеги абоненттик төлөм төлөнүүчү күнгө чейин соц.тармактарга, мессенджерлерге жана маалымат издөөчү сайттарга кире албай калам деп кам санабай эле коюуга болот! Кошумча төлөм үчүн  турбобаскычтарды кошуунун, кошуу үчүн татаал буйрууларды эске тутуунун да зарылчылыгы жок. Болгону  балансыңды толуктап, үн байланыш кызматын жана интернетти пайдалан!
  • Интернет топтомдун калдыктарын которуу – интернет-трафикти максималдуу ылдамдыкта жана дагы көбүрөөк убакытка колдонуу! Сизге тааныш бир жагдайды элестетип көрөлү. Сиз  интернет-топтомду толук сарптаганга жетишпей калдыңыз, ал эми абоненттик төлөм алынуучу убакыт болуп калды. Мындай учурда сарпталбай калган көлөм тууралуу кам санабай эле койсоңуз болот, калдыктар  которулат жана жаңы интернет-топтом менен суммаланат. Сиз каалагандай бекен?
  •  Wi-Fi таратуу функциясы досторуңуз жана жакындарыңыз менен интернеттин көлөмүн бөлүшүү.  #СУПЕРЫҢГАЙЛУУ тарифинин алкагында интернет таратуу чектөөсүз жана АКЫСЫЗ!
  • Интернетти бөгөттөө функциясы интернет-топтомдун көлөмү аяктап, ал эми баланста топтомду жаңылоо үчүн каражат жетишсиз болуп калган учурда жардамга келет. Абоненттик төлөм алынганга чейин түз тарифтөө боюнча абоненттердин балансынан интернет-трафик үчүн ашыкча каражаттар  алынбайт. Ошондуктан ар дайым онлайн болгуңуз келсе, балансыңызды жетиштүү суммада экендигин көзөмөлдөңүз жана социалдык тармактарда жана мессенджерлерде каалашыңызча баарлашыңыз!
  • Компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборунан #СУПЕРЫҢГАЙЛУУ тарифине кошулуңуз жана «Күмүш» категориясынын кооз номурун белекке алыңыз! Шашылыңыз, акция  2019-жылдын  30-июнуна чейин аракетте болот.

             Толук маалымат super.megacom.kg сайтында.

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы