Перейти на новый сайт
Фродго каршы: мобилдик операторлор фродго каршы күрөшүү үчүн биргеликте иш алып барышмакчы

Фродго каршы: мобилдик операторлор фродго каршы күрөшүү үчүн биргеликте иш алып барышмакчы

2019-жылдын 2-майында Кыргызстандын мобилдик байланыш операторлору үчүн өзгөчө күндөрдүн бири болду десек болчудай. Бул күнү байланыш тармагынын тарыхында алгачкы жолу фроддун алдын алуу маселелери боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу – «Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom). Катышуучулар: «Нур Телеком» ЖЧК  (О!мобилдик оператору), «Скай Мобайл» ЖЧК (соода маркасы Beeline),  «КТ Мобайл» ЖЧК жана Байланыш операторлордун  ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Мындай иш-чара байланыш операторлорунун ортосундагы карым-катнашты бекемдөө жана баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында өткөрүлдү. Фрод  деген эмне? Ал кайдан келип чыгат? Аны менен кантип күрөшүү керек? Ушул сыяктуу көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп алуу үчүн MegaCom компаниясынын Коопсуздук боюнча директору Самаков Тынчтыкбек Калмурзаевич менен ат жалында маек курган элек. Ары кызыктуу, ары пайдалуу маалымат менен бөлүшө кетели.

- Тынчтыкбек Калмурзаевич, фрод деген эмне?

- «Фрод»  сөзүн  англис тилинен которгондо «калп, шылуундук» деген маанини билдирет. Маалымат технологиялар чөйрөсүндө бул түшүнүк кызматтар жана ресурстарды уруксатсыз жана укугу жок колдонуу менен байланыштуу. Шылуундук, тилекке каршы, адамдардын ишмердигинин бардык чөйрөсүндө кездешет. Албетте, байланыш тармагы да четте калган эмес.  Зымсыз станциядан базалык станцияга чейин радиоканалдын болгондугу  башкалардын байланыш каналына уруксатсыз жетки алуу мүмкүнчүлүгүн  жеңилдетет. Зымдуу байланыштан айырмаланып байкалбай калууга болот. 

Кыргызстандын байланыш тармагында фрод кандайча пайда болду?

- Жылдан-жылга шылуундардын торуна түшкөндөрдүн саны арбып келет. Биздин өлкөдө телекоммуникациялар чөйрөсүнүн техникалык жактан өнүгүүсү көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга гана таасирин тийгизбестен, байланыш кызматтарын көрсөтүү процессине кийлигишип мыйзамсыз баюну каалагандардын көктөн издегени жерден табылып жатат десек болчудай.

- Шылуундар мындай аракеттери үчүн жоопко тартылабы?

- Мындай аракеттерди байланыш операторлоруна материалдык чыгым алып келүүчү, алардын ишмердигине кийлигишүү актысы катары кароого болот. КРдин Жазык кодексинде 2 же андан көп жылга эркинен ажыратуу белгиленген.

- Айтсаңыз, MegaCom компаниясында фрод менен күрөшүү боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

- «Альфа Телеком» Кыргыз Республикасынын аймагында 13 жылдан ашуун убакыттан бери байланыш кызматтарын көрсөтүп келет. Ушул мезгилдин ичинде фрод-коркунучтар болбой койгон жок. Алардын бардыгынын бети  ачылган деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Жылдын башынан тарта эле укук коргоо органдары менен биргеликте фродго тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Азыркы учурда аларга байланыштуу материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин алкагында каралууда.

Биз, өз кезегибизде, ыкчам териштирүүлөр үчүн зарыл болгон маалыматтарды берип турдук.

Тегерек столду уюштуруунун максаты?

- Фрод – бул жогорку технологиялуу кылмыш жана аны менен күрөшүү, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн комплекстүү мамиле керек. Фродго байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн кызматкерлерди окутуу зарыл. Шылуундуктун заманбап түрү менен күрөшүүнүн жолдорун иштеп чыгуу максатын көздөгөн демилге бекеринен көтөрүлгөн жок. Бул өзгөчө курч маселе жана жагдайдын маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Ошондуктан MegaCom компаниясы бул көйгөйдү чечүүнү көз жаздымда калтырбайт. Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлор ассоциациясынын базасында коопсуздук боюнча комитет түзүүнү мерчемдеп жатышат. Тажрыйба алмашуу, бирдиктүү күч-аракет жумшоо менен  мыкты натыйжаларга  жетишип, мобилдик байланыш чөйрөсүндөгү шылуундукту жоюп, алдамчылык аракеттердин алдын алууга болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • Киоск

    кызматы