Перейти на новый сайт
MegaCom «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» форумуна катышууда

MegaCom «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» форумуна катышууда

Бүгүн,  2019-жылдын 22-апрелинде, Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» деген аталыштагы алгачкы телекоммуникациялык форум өтүп жатат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Алардын катарында MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов жана уюлдук оператордун кызматкерлери да бар.

Кыргызстанда жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата өткөрүлүп жаткан бул иш-чара санариптик трансформация боюнча мамлекеттик программаларды жана жаңычыл сунуштарды талкуулоо үчүн ачык аянтча боло алды. Аймактарды санариптештирүүдө, албетте, чет өлкөлүк жана ата мекендик уюлдук операторлордун тажрыйбаларына таянуу менен мыкты жыйынтыктарга жетүүгө болот.

Байланыш тармагы санариптик экономика менен тыгыз байланышта каралат. MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов инновациялык  экосистеманы түзүү боюнча милдеттерди баса белгилей кетти. Смартфондорду баарлашуу үчүн гана колдонбостон, алардын жардамы менен башка көптөгөн процесстерди ишке ашырууга боло тургандыгына токтолду. Азыркы учурда мобилдик телеберүү, мобилдик капчык, акча каражаттарын которуу, накталай эмес төлөм жүргүзүү, онлайн-окутуу, жана да «Коопсуз шаар» боюнча бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткандыгына күбө болуудабыз. «Өлкөнү санариптештирүү маселесин компания көз жаздымга калтырбай келет. Абоненттерибиздин мүдөөлөрү, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү – компаниянын көңүл борборундагы негизги маселе. MegaCom компаниясы жаңычыл сунуштарды ар тараптуу карап, бардык жерде ишке киргизет», – деп белгилей кетти Акылбек Жамангулов.  

MegaCom компаниясынын адистери тарабынан даярдалган экспозиция чогулгандардын назарын өзгөчө бурду. Ийгиликтүү ишке киргизилген сервистер көптөгөн колдонуучулардын жашоосуна жеңилдиктерди тартуулап, алтындай убактысын үнөмдөөгө шарт түзүп келет. Мындан тышкары, маалымат топтоого, сактоого, иштеп чыгууга жана аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. MegaPay мобилдик капчыгынын кеңири мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасалды.

Анын жардамы менен түрдүү кызматтар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүүгө жана абоненттерди санариптик тейлөөнү ишке ашырууга болот. Мамлекет башчы жана мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, байланыш тармагынын өкүлдөрү, журналисттер, форумдун башка катышуучулары MegaCom компаниясынын жогорку технологиялуу, заманбап көргөзмөсүнө келип, уюлдук оператордун даяр санариптик чечимдери менен таанышып чыгышты.

Сунушталган кызматтар

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы