Перейти на новый сайт
Интернеттин максималдуу ылдамдыгы 4G менен, эң башкысы, наркы өзгөртүүсүз!

Интернеттин максималдуу ылдамдыгы 4G менен, эң башкысы, наркы өзгөртүүсүз!

Эгерде 4G-түйүнүнүн камтуу аймагында жүргөн болсоңуз, ал эми сиздин смартфонуңуз 3G-түйүнүнө гана кошулуп жатса, маселе түзмөгүңүздүн тескөөлөрүндө болушу ыктымал. Сиз үчүн мыкты чечим бар! Бир гана параметрди алмаштырыңыз жана 4G-түйүнүн кошуп алыңыз, бул учурда сиздин мобилдик интернетиңиз  арзан же кымбат болуп калбайт, эң башкысы, алда канча ылдам болуп калат.

Смартфонуңузду 4G-түйүнүнө кошуу үчүн төмөндөгү иш-аракеттерди аткарууңуз зарыл:

  • LTE   Android, Windows ж.б үчүн: тескөөлөр -> мобилдик түйүн -> түйүн режими -> андан кийин «LTE/3G/2G (авто). «Мобилдик маалыматтардын» иштеп тургандыгын текшериңиз. Түзмөгүңүз 4G түйүнүндө иштеп жатканда сигнал деңгээлинин көрсөткүчүнүн жанында 4G же  LTE белгиси пайда болот.
  • LTE iOS үчүн: тескөөлөр -> уюлдук байланыш -> маалыматтар параметрлери -> үн жана  маалыматтар -> LTE түйүнүн тандаңыз. Пайда болгон билдирүүдөн  « LTE-ни иштетиңиз» деген жазууну басыңыз жана түзмөгүңүздү өчүрүп-жандырыңыз. «Мобилдик маалыматтардын» да иштеп тургандыгын текшериңиз. Сиздин түзмөгүңүз 4G-түйүнүнө кошулган болсо, сигнал деңгээлинин көрсөткүчүнүн жанында LTE белгиси пайда болот.

Ушул жөнөкөй көрсөтмөлөрдүн жардамы менен 4G кызматына кошулуңуз интернетти максималдуу ылдамдыкта, наркын өзгөртүүсүз колдонуңуз! 

Сунушталган кызматтар

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon