Перейти на новый сайт

Beta Stores-2 соода борборунда MegaStore салону ачылды

Beta Stores-2 соода борборунда MegaStore салону ачылды

MegaCom компаниясы жаңы форматтагы MegaStore кеңселер түйүнүн  кеңири жайылтып келет. Өткөн дем алышта заманбап Сатуу жана тейлөө борбору Beta Stores-2 соода борборунда салтанаттуу түрдө ачылды.

Соода борборунун айланасына чогулган шаардыктарга жана калаабыздын меймандарына көңүлдүү маанай тартуулай жаркырап тийген күндүн нуру, кызыктуу жана интерактивдүү конкурстарды өткөрүп жатышкан алып баруучулар, MegaCom компаниясы тарабынан тапшырылган белектер, айтор, ушунун бардыгы бул күндү өзгөчө шаңга бөлөп турду.

Платина номуруна ээ болуу үчүн  күтүүсүздөн өткөрүлгөн аукцион да эстен кеткис болду көрүнөт. Иш-чаранын жүрүшүндө максималдуу сумманы сунуштап, платина номурунун ээси болуп табылган жеңүүчүгө жаңы заманбап смартфон белекке берилди.

Белгилүү ырчылар жана чимириле бийлеген бийчилер иш-чараны көркүнө чыгарып жатышты.

Атайын даярдалган программанын соңунда чогулгандар жаңы MegaStore салонуна баш багып,  Xiaomi, LG, Huawei, Samsung, Apple дүйнөлүк бренддеринин смартфондорун жана алардын аксессуарларын, жана да түрдүү гаджеттерди көрүп чыгышты. Бул жерден ар бир каалоочу заманбап талаптарга жооп берген жана өз көңүлүнө төп келген телефон аппаратын тандап алса болот.

Заманбап түзмөктөр насыяга да берилет. Насыяга алуу баштапкы төлөмсүз, 20 мүнөттүн ичинде ишке ашырылат. Болгону акыркы 6 ай үчүн киреше тууралуу маалымдама жана паспорт гана керек.

Кыргызстан боюнча мүмкүн болушунча төмөнкү бааларды сунушталды. Биздин кесипкөй адистерибиз болсо, MegaCom байланышы боюнча  каалаган суроолоруңузга жооп берип, ар бир телефон боюнча кеңири мүнөздөмө беришет.

Beta Stores-2 соода борборундагы жаңы MegaStore кеңсесине кош келиңиз. Иш убактысы: саат 10.00 дөн 21.00гө чейин (дем алышсыз жана майрам күндөрсүз).

Сунушталган кызматтар

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы