Перейти на новый сайт

MegaPay тиркемесинде жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузгандык үчүн айып пулдарды 50 % арзандатуусу менен төлөңүз

MegaPay тиркемесинде жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузгандык үчүн айып пулдарды 50 % арзандатуусу менен төлөңүз

Эми транспорттук каражаттардын айдоочулары MegaPay тиркемесинде айып пулдарды токтом чыккандан кийин 15 күн ичинде 50 % арзандатуу менен төлөй алышат.  

MegaPay сервисинде жол эрежесин бузуулар тууралуу маалымат күн сайын текшерилет жана эреже бузуулар катталган болсо, колдонуучуга автоматтык түрдө SMS-маалымдоо келет. Ыңгайлуулугу − айып пулдун бар экендигин өз учурунда билүү, убакытты үнөмдөө жана тиркеменин жардамы менен  каалаган учурда айып пулдарды төлөө мүмкүнчүлүгү.

MegaPay тиркемесинде айып пулдун суммасы 50% арзандатуу менен көрсөтүлөт! Ыңгайлуу төлөм шайманы менен кантип колдоно баштоо керек? Бул эң оңой. Google Play Market же App Store аркылуу  MegaPay тиркемесин смартфонуңузга жүктөп алыңыз да, «Айып пулдар» бөлүмүнө өз унааңыз тууралуу маалыматты киргизиңиз.

Өз убактыңызды үнөмдөңүз, айып пулду өз убагында жана арзандатуу менен төлөңүз. MegaPay − Сиздин ишенимдүү  жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы