Перейти на новый сайт

Гигабайттар белекке: интернет-трафикти досторуң жана жакын адамдарың менен кантип бөлүшүүгө болот?

Гигабайттар белекке: интернет-трафикти досторуң жана жакын адамдарың менен кантип бөлүшүүгө болот?

Досторуңуздун же жакындарыңыздын трафиги эң зарыл учурда түгөнүп калды дейли. Мындай учурда сиз жардамга келсеңиз болот, тактап айтканда BRAVO тарифинин алкагында мобилдик интернеттин гигабайттарын белекке бере аласыз. Гигабайттарды кантип бөлүшүүгө боло тургандыгы жөнүндө кеп учугун улайлы.  

  • Негизги топтом өз ичине максималдуу ылдамдыктагы жана башкалар менен бөлүшүүгө мүмкүн болгон 100 гигабайтты камтыйт. BRAVO тарифинин колдонуучулары  жагымдуу, эң башкысы, пайдалуу белекти MegaCom компаниясынын бардык жеке абоненттерине тартуулай алышат.
  • Сиз бир айдын ичинде белекке берүүгө мүмкүн болгон максималдуу көлөм − 90 ГБ, минималдуу көлөм − 5 ГБ. Бөлүшүү үчүн USSD буйруу: *999*V*0ХХХxxxxxx#,  V – белекке берилүүчү трафиктин көлөмү. Алуучуга интернет-трафиктин берилгендиги тууралуу билдирүү келет.
  • Интернет-трафикти белекке берип жаткан абонентте жеткиликтүү болгон көлөм азаят, бирок зарыл болгон учурда колдонуу үчүн жетет. Негизги топтомдон тышкары, бир айга түйүн ичиндеги чектөөсүз чалуулар жана SMS,  КРдин башка операторлорунун номурларына чалуу үчүн түйүндөн тышкары 60 мүнөт, YouTube, Instagram + IG TV, Facebook + Facebook Messenger, «ВКонтакте» + BOOM, «Одноклассники» социалдык түйүндөрү, WhatsApp, Telegram мессенджерлери, www.ts.kgwww.oc.kg сайттары, жана да YandexMusic жана  La La Music (+ аталган сервиске жазылуу) музыкалык сервистери үчүн чектөөсүз трафик каралган.
  •  BRAVO тарифине өтүү үчүн  *303*58*1# буйруусун териңиз же Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылыңыз. Өтүү наркы – 0 сом. Абоненттик төлөм – 990 сом (ай сайын). Тарифтин колдонуучулары үчүн номурду биринчи жолу алмаштыруу акысыз. Зарыл болгон учурда  мобилдик интернеттин ошондой эле көлөмү менен турбобаскычты жарым баада кошуп алууга болот. Бул үчүн  *999*2# буйруусун териңиз, наркы  – 500 сом.  

BRAVO тарифи менен трафик жөнүндө кам санабай эле койсоңуз болот – ал белекке берүү үчүн да жетет! Толук маалыматты www.bravo.megacom.kg шилтемеси боюнча алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы