Перейти на новый сайт
MegaCom: Велосезон-2019 Ош шаарында ачылды

MegaCom: Велосезон-2019 Ош шаарында ачылды

Өткөн ишемби күнү күнөстүү Ош шаарында кезектеги велосезон ачылды! BRAVO тарифине арналып, мобилдик оператордун жана шаардык мэриянын колдоосу менен төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан спорттук иш-чарага миңдеген велоспорт сүйүүчүлөр катышты. Абоненттерибиздин мүдөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан бул тариф замандаштарыбыздын көңүлүнө төп келе тургандыгы шексиз.  

Ош шаарынын борбордук аянтында көңүлдүү маанай өкүм сүрүп, күндөгүдөн да шаңдуу. Веложүрүшкө катышууну каалагандар борбордук аянтка топтолуп жатышты. Катышуучулардын ар бирине MegaCom уюлдук операторунун фирмалык футболкалары берилсе, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жагымдуу белектер – велосипеддер тартууланды.

Веложүрүш башталганга чейин чогулгандарга жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Компаниянын жетекчилиги, Ош шаарынын мэри жана Ош облусунун губернатору башында турган топ веложүрүштү  белгиленген багыт боюнча баштап, жана да Борбордук аянттан тарта «Курманжан-Датка» кичирайонундагы жаңы көпүрөгө чейин жолун улашты. 

Жол кайгуул кызматынын унаасынын коштоосунда шаң менен өтүп бара жаткан велоколоннага  шаардыктар суктануу менен да, кызыгуу менен да, толкундануу менен да, кубануу менен да карап турушту. Айрымдары велосипедчендерди сүрөп кыйкырып жатышса, айдоочулар унааларынын сигналын басып жатышты. Мындай көрүнүш, албетте, жагымдуу таасирлерди жаратпай койбойт. 

Марага − борбордук аянтка кайтып келген катышуучулар үчүн көңүл ачуучу программа даярдалган. «Эл эмне дейт?» скетч-шоусунун алып баруучулары көңүлдүү конкурстары менен жагымдуу маанайда тосуп алышса, белгилүү ырчылар Самара Каримованын жана Мирбек Атабековдун аткаруусундагы мукамдуу обондор теребелди ажайып шаңга бөлөп турду.

«Абдан мыкты иш-чара! Мен экинчи ирет катышып жатам. Жакшы досторду таптым. Алар менен бат -бат чогулабыз жана  велосипед тебебиз, − деп, кубануу менен белгилей кетти  веложүрүштүн катышуучусу Улан.

«Биз веложүрүшкө үй-бүлөбүз менен келебиз. Ар дайым жагымдуу маанай өкүм сүрүп турат жана бизге жагат. Чыныгы майрам!», − дейт Ош шаарынын тургуну Рысбек Абыкеев.

Кеңири фотобаяндама менен FacebookInstagramTwitter, «Одноклассники»  жана «ВКонтакте» социалдык тармактарындагы расмий баракчаларыбыз аркылуу тааныша аласыз.

MegaCom — спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • eSIM

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы