Перейти на новый сайт

MegaPay аркылуу айып пулдар тууралуу SMS-маалымдоолорду алууга болот

MegaPay аркылуу айып пулдар тууралуу SMS-маалымдоолорду алууга болот

MegaPay тиркемеси жаңы опция менен толукталды. Эми айдоочулар жол коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынгандыгын маалымдаган катты күтпөстөн, бул маалыматты өз алдынча текшерип алса болот.

Сервистин колдонуучулары SMS-маалымдоону автоматтык түрдө алып, тиркемеден чыкпастан туруп эле айып пулду төлөй алат. Айып пулдар тууралуу маалымдамаларга жазылуу акысыз.

Бул үчүн  Google Play Market же App Store аркылуу MegaPay тиркемесин смартфонуңузга жүктөп алып, жана да «Айып пулдар» бөлүмүндө унаа тууралуу маалыматты киргизүү жетиштүү.

Бул кызматтын жардамы менен айып пулдардын бар же жок экендигин күн сайын текшерип турууга болот. Айып салуулар бар болгон учурда MegaCom абонентине тартип бузуу катталган жер жана убакыт тууралуу маалымат камтылган SMS келет. Айып пулду кезек күтүп убара болбостон, аз убакыттын ичинде, эң башкысы, өзүңүзгө ыңгайлуу болгон учурда MegaPay электрондук капчыгы аркылуу төлөй аласыз.

Толук маалымат компаниянын megacom.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы