Перейти на новый сайт
MegaCom терминалдары менен кызматтар үчүн акы төлөө саналуу мүнөттөрдүн ичинде

MegaCom терминалдары менен кызматтар үчүн акы төлөө саналуу мүнөттөрдүн ичинде

MegaCom төлөм терминалдары − көптөгөн колдонуучулар үчүн мыкты табылга. Бул таң калыштуу эмес. Терминалдардын артыкчылыктары тууралуу баяндай кетели.

  • 24/7 шарттамында саналуу гана мүнөттөрдүн ичинде

MegaCom терминалдарынын жардамы менен бир нече мүнөттүн ичинде жана каалаган учурда 300дөн ашык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө болот. Маселен, коммуналдык кызматтар, зымдуу интернет, домофондордун тейлөө борборлору, бала бакчалар, жана да  мамлекеттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн − паспорт алуу, соттолбогондугу тууралуу маалымкат, жолдо жүрүүнүн эрежелери үчүн айып пулдар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгы, айдоочунун күбөлүгү алуу жана башкалар.

  • Комиссия0 сом

MegaCom абоненттери MegaPay мобилдик капчыгын жана байланыш кызматтары үчүн мобилдик телефондун капчыгын комиссиясыз толуктай алышат. 

  • Ишенимдүүлүк

Маалымдаректерди жана зарыл болгон сумманы киргизгенден кийин чыптаны алуу керек. Бул анча татаал эмес көрсөтмо аткарылган учурда алуучулар төлөмдү өз эсебине алышат.

  • Жеткиликтүүлүк

MegaCom 200дөн ашык фирмалык терминалы Бишкек, Ош шаарларында  жана  Чүй облусунда  жайгаштырылган. Эми төлөм жүргүзүүдө кезек күтүүнүн зарылчылыгы жок.  Терминалдар ыңгайлуу жерлерде жайгашкан. Маселен, бишкектиктер «Народный» жана  Globus дүкөндөрүндөгү терминалдардан  колдонсо, түштүк калаабыздын тургундары жана меймандары «Ак-Ниет» («Западный» кичирайону) жана «Датка» («Фуркат» кичирайону) супермаркеттериндеги төлөм терминалдарынан колдоно алышат. Төлөм теминалдары Чүй облусунун калктуу конуштарында ийгиликтүү иштеп жатат.

MegaCom фирмалык термиалдарынын даректери менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот. Мындан тышкары, 2ГИС маалымдамасында https://go.2gis.com/ucutj (Бишкек ш.) жана https://go.2gis.com/yrnou (Ош ш.) аркылуу таанышууга болот.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы