Перейти на новый сайт
MegaCom Велосезон - 2019 иш-чарасынын ачылышына колдоо көрсөтмөкчү

MegaCom Велосезон - 2019 иш-чарасынын ачылышына колдоо көрсөтмөкчү 

 

Велоспортту сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу жаңылык!  Жакында көптөн күткөн Велосезон - 2019 спорттук иш-чарасынын ачылышы болот. Бешинчи жыл катары менен MegaCom компаниясы бул иш-чараны өткөрүүгө демөөрчү болуп келүүдө. Уюлдук оператордун желеги дагы бир ирет  желбиремекчи.

24-мартта чоң веложүрүш уюштурулат жана MegaCom компаниясынын жетекчилиги башында турган жүздөгөн каалоочулар Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу өтүшөт. Веложүрүшкө катышууну самагандар төмөндөгү дарекке келишсе болот: Революциянын каармандарына арналып орнотулган монумент (Уркуя Салиеванын эстелиги) Чүй пр. жана Абдрахманов (Совет) көчөлөрүнүн кесилиши. Убактысы: саат 9:00. Катышуучулардын бардыгына  компаниянын фирмалык футболкалары жана мобилдик интернеттин акысыз гигабайттары тартууланат.

Веложүрүш саат 11:30да башталып, Чүй пр. − Манас пр. –  Бөкөнбаев көч. − Байтик Баатыр (Совет) көч.−Жеңиш паркы багыты боюнча жолун улайт. Колоннаны Жол кайгуул милициясынын автоунаасы жана "Tour -Bikers" Велоспорт жана велотуризм федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары, жана да тез жардам унаасы коштойт.

Жеңиш паркындагы марага жеткенде, катышуучуларды кызыктуу оюн-зооктор жана шайыр конкурстар күтөт. Конкурстарга катышып, жана да мобилдик оператор даярдаган фирмалык белектерди утуп алууга да болот. Сейил бакта бир аз тыныгып алган велосипедчендер Орто-Сай айылына карай багыт алышмакчы. Ал жерден атайын даярдалган дасторкондон даам сыза алышат.

Веложүрүшкө катышууну каалайсызбы? Бул үчүн жолдо жүрүүнүн эң жөнөкөй эрежелерин билүүңүз жетиштүү жана велосипедиңизди бузук эместигин текшерип, веложүрүшкө камдап алыңыз.

Уюлдук оператор спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүп, сергек жашоого үндөп келет. Дем алыш күндөрүңүздү MegaCom менен бирге өткөрүңүз, Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчабызды барактап турууну эсиңизден чыгарбаңыз жана  иш-чаралар тууралуу билип туруңуз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы