Перейти на новый сайт
MegaCom төлөм терминалдары аркылуу мамлекеттик кызматтар үчүн акы төлөө

MegaCom төлөм терминалдары аркылуу мамлекеттик кызматтар үчүн акы төлөө

MegaCom кезектеги ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү сунуштайт! Компаниянын төлөм терминалдары аркылуу 24/7 режиминде мамлекеттик кызматтар үчүн акы төлөңүз. Алардын ыңгайлуулугу эмнеде?

Тигил же бул мамлекеттик алымды же салыкты төлөөдө кезек күтүүгө жана кагаздарды толтурууга туура келет эмеспи. MegaCom терминалдарынын жардамы менен баалуу убактыңызды үнөмдөңүз.

Саналуу мүнөттөрдүн ичинде жана каалаган маалда 100дөн ашык мамлекеттик уюмдар көрсөткөн кызматтар үчүн төлөм жүргүзсөңүз болот. Паспорт алуу, соттолгондугу тууралуу малымкат, нике күбөлүгүн алуу, катталуу жана каттоодон чыгуу, чет өлкөлүктөрдү каттоо,  жер салыгы, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгы, айдоочунун күбөлүгүн берүү ж.б. үчүн төлөмдөрдү жүргүзө аласыз.

Жакындарыңыздын  же досторуңуздун өтүнүчтөрү аткарып, б.а. алардын төлөмдөрүн да төлөп коё аласыз. Бул үчүн кошумча документтерди тариздөөнүн зарылчылыгы жок. Төлөм жүргүзүүдө керектүү маалыматтарды киргизүү гана жетиштүү.

MegaCom фирмалык түстөрүнө боёлген төлөм терминалдары Бишкек, Ош жана Чүй облустарынын эл көп чогулуучу жайларында орнотулган. Жалпысынан алганда 300дөн ашык кызматтар үчүн акы төлөөгө болот. MegaCom абоненттери мобилдик телефонунун  жана MegaPay капчыгынын балансын толуктай алышат.

Компаниянын бардык терминалдарынын даректери жана виртуалдык картасы бул жерде жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы