Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын өкүлдөрү Барселонада өтүп жаткан Mobile World Congress 2019 иш-чарасына катышууда

MegaCom компаниясынын өкүлдөрү Барселонада өтүп жаткан Mobile World Congress 2019 иш-чарасына катышууда

Ушул күндөрү Барселонада (Испания) заманбап технологиялар жана мобилдик байланыш чөйрөсүндөгү ири иш-чара  –  Mobile World Congress 2019 көргөзмөсү өтүүдө. Бул иш-чара мобилдик индустриянын келечегин түптөгөн жаңычыл чечимдерди жайылтууну шарттаган абройлуу аянтча боло алат десек жаңылышпайбыз.  

MegaCom компаниясынын Түйүндү өнүктүрүү жана оптимизациялоо департаментинин жетекчиси Нурлан Курманбаев Mobile World Congress кандай өтүп жаткандыгы тууралуу сөз учугун улады.   

5G жана буюмдар Интернети

- Көргөзмөнүн негизги тренди – абдан аз убакыттын ичинде абдан чоң көлөмдөгү маалыматтын агымын иштеп чыгуу  ылдамдыгын  шарттаган  5G жаңы муунундагы түйүндү өнүктүрүү. Көргөзмөдө биз жаңы стандарттарды колдогон түзмөктөрдү− смартфондорду,  роботторду, транспорттук жабдууларды жана түрдүү чипсеттерди иштеп чыгууга басым жасалып жаткандыгына күбө болдук. Маселен, мал чарбачылыгында колдонууга мүмкүн болгон чипсетти эле алалы.  Азыр уйлар кайсы жерде кайтарылып жатат же эмне чөп жеп жатат жана башка ушул сыяктуу суроолоруңузга жооп алсаңыз болот. Мындан тышкары, үйдү жана автоунааны башкарууга мүмкүнчүлүк берген акылдуу түзмөктөрдү (билдиргичтерди) да көрдүк.  

 5G-стандарты адамдын катышуусу жок  ишке ашырууга мүмкүн болгон иш-аракеттерди тажрыйбалоо, буюмдар Интернетин өнүктүрүү жана жасалма интеллект үчүн иштелип чыгып, ишке киргизилип жана анын ыңгайлуу иштөөсүн камсыз кыла ала тургандыгы бышык.

5G түйүнүн өнүктүрүү үчүн негизги чечимдер

- Өндүрүүчү-компаниялар менен жолугушууда 5G түйүнүн өнүктүрүүнүн  негизги багыттары тууралуу баяндап беришти. Бизге жаңы муун түйүнүн өнүктүрүү, ыкчам маалымат жөнөтүү  жана жогорку ылдамдыкты камсыздоо жолдору тууралуу абдан баалуу сунуштамалар берилди. Бул багытта бараандуу иштерди аткарып жаткан Ericsson компаниясынын жабдуулары бизге өзгөчө таасир калтырды. 100 километрден ашык аралыкта секундасына бир нече гигабит ылдамдыкты камсыздай турган чечимдер менен да  тааныштык.

-  «Протей» компаниясы менен жолугушуу болду. Аталган компаниянын өкүлдөрү виртуалдык  операторлор тармагындагы жаңычыл багыттарга токтоло кетишти. Жабдууну чагылгандан жана жагымсыз табигый шарттардын таасиринен сактоо боюнча Rid компаниясы сунуштаган түзмөк да көңүлүбүзгө төп келди.

- ZTE, Huawei, Samsung компаниялары 5G колдоосу менен  смартфондорду сунушташты. Өндүрүүчүлөр белгилеп кеткендей, аппараттын мүнөздөмөсүнө 5G түйүнүн кошуу үчүн  абдан чон жумуш жасоо – базалык станцияны ишке киргизүү, кубаттуу инфраструктураны даярдоо, транспорттук түйүндү өнүктүрүү, жогорку ылдамдыкты жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн  була-оптикалык түйүнүнө басым жасоо  талап кылынат. Мындан тышкары, мини дата-борборлорун түзүү да маанилүү.  

- Биз өзүбүздүн аткарып жаткан ишибизге сереп салып, туура багытта бара жатканыбызга ынандык. Азыркы учурда була-оптикалык түйүнүн өнүктүрүүнү көз жаздымда калтырбай келе жатабыз. 5G түйүнүн ийгиликтүү ишке киргизүү − жакынкы жылдардагы максаттарыбыздын бири. MegaCom үчүн дүйнөлүк маанидеги ири форумдарга катышуу салтка айланган. Mobile World Congress 2019 көргөзмөсү алдыңкы телекоммуникациялык  компаниялардын тажрыйба алмашуусуна өбөлгө боло алды.

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы