Перейти на новый сайт
MegaCom: жаңы BRAVO тарифи менен интернетти белекке берүүгө да болот

MegaCom: жаңы BRAVO тарифи менен интернетти белекке берүүгө да болот 

MegaCom компаниясы жаңы BRAVO тарифтик планын ишке киргизди. BRAVO − бул белгилүү онлайн-сервистер үчүн чектөөсүз мобилдик интернет, досторуң жана жакындарың менен бөлүшүүгө мүмкүн болгон абдан чоң көлөмдөгү ГБ топтому!

Трафик тууралуу кам санабай эле коюңуз – трафик белекке берүү үчүн да жетет! Негизги топтомдо максималдуу ылдамдыктагы 100 ГБ камтылган. Зарыл болгон учурда болсо, мобилдик  интернеттин 100 ГБ көлөмү менен турбобаскычты жарым баада кошуп алсаңыз болот. Мындан тышкары, төмөндөгүлөр үчүн бир айга чектөөсүз трафик каралган:

  •  YouTube, Instagram + IG TV, Facebook + FacebookMessenger, «ВКонтакте» + BOOM, «Одноклассники»,  WhatsApp жана Telegram үчүн чектөөсүз интернет;
  •  www.ts.kg, www.oc.kg фильм сайттарына жана YandexMusic, La la Music музыкалык сервистерине чектөөсүз интернет;
  • Түйүн ичиндеги акысыз чалуулар жана SMSтер, КРдин башка мобилдик операторлорунун номурларына 60 мүнөт, жана да *505 Кардарларды колдоо кызматына жана  Expert *800 маалымат кызматына алгачкы 10 акысыз чалуу. 

«BRAVO абоненттерибиз көптөн күткөн тариф. Биз аны сунуштап жаткандыгыбыз үчүн кубанычтабыз. Эми мобилдик интернетти колдонуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана ыңгайлуулуктар пайда болду», − деп белгилей кетти Юлия Саулина, MegaCom компаниясынын Маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси.

 BRAVO тарифине өтүү үчүн *303*58*1# буйруусун териңиз же Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылыңыз. Өтүү наркы – 0 сом. Абоненттик төлөм – ай сайын 990 сом. Номурду биринчи жолу алмаштыруу тарифти колдонуучулар үчүн акысыз. 5 гигабайттан  90 гигабайтка чейинки интернет-трафикти жакындарыңызга белекке берсеңиз болот. *999*V*0ХХХxxxxxx# USSD-буйруусун териңиз, бул жерде V – белекке берилүүчү трафиктин көлөмү. Турбобаскычты активдештирүү буйруусу: *999*2#, наркы – 500 сом.   

BRAVO тарифтик планы тууралуу толук маалымат менен  www.bravo.megacom.kg сайты аркылуу таанышыңыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы