Перейти на новый сайт

MegaCom ыңгайлуу роуминги Крымда

MegaCom ыңгайлуу роуминги Крымда

Кооз жаратылышы көргөндүн көз жоосун алган жарым аралга барып эс алуу кандай сонун. Жагымдуу эс алууну ден соолукту чыңдоо менен айкалыштырууну каалагандардын катарында биздин мекендештерибиз да бар.  Эми, Крым жергесине  эс алууга же ишкер сапарга жол тарткан MegaCom абоненттери KTK Telecom операторунун тармагында кийин төлөнүүчү, алдын ала төлөнүүчү  жана  интернет-роуминг кызматтары менен колдоно алышат.

Номуруңузду алмаштырбастан жана кошумча буйрууларды тербестен эле сапаттуу мобилдик байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдонуңуз. Ыңгайлуу тарифтер аркылуу MegaCom абоненттери жакындары менен  социалдык тармактарда жана мессенджерлерде баарлашып, электрондук  почтасын текшерип жана пайдалуу сайттарга саякат жасай алышат.

Сапарга чыгуудан мурда, жакын жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылып  же  *155*1# USSD-буйруусун терүү менен,  роуминг кызматын кошуп алууну эсиңизден чыгарбаңыз. Роуминг жеткиликтүү болгон  өлкөлөрдүн жана өнөктөштөрдүн тизмеси megacom.kg расмий сайтында.

MegaCom – чексиз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы