Перейти на новый сайт
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышкан жыйында MegaCom компаниясынын өнүгүү багыттары тууралуу баяндама жасалды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышкан жыйында MegaCom компаниясынын өнүгүү багыттары тууралуу баяндама жасалды

2019-жылдын 31-январында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнүн, КР Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жана «Альфа Телеком» ЖАКтын (соода белгиси MegaCom) жетекчилигинин катышуусунда жумушчу жыйын болуп өттү.    

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев белгилеп кеткендей, MegaCom сатылбайт жана мамлекеттин менчигинде калат. Компания тарабынан жыл сайын өлкө бюджетине миллиондогон каражат которулуп жаткандыгы да баса белгиленди. Мындай чегерүүлөр Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө кошулуп жаткан бараандуу салым экендиги шексиз. Өз кезегинде, алдыңкы мобилдик оператордун башкы директору Акылбек Жамангулов компаниянын келечектеги өнүгүү пландары менен тааныштыра кетти.  Жетекчинин баяндамасында түйүндү оптимизациялоо, жаңы технологияларды ишке киргизүү, ыңгайлуу кызматтарды жана жаңы форматтагы сервистик борборлорду ачуу сыяктуу бир катар маселелер чагылдырылды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Коомдук кеңешинин төрагасы Исламбек Мурсабеков республиканы цифровизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы мамлекеттик уюлдук оператордун мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтоло кетти. MegaCom Кыргызстандын жарандарына  ачык жана жеткиликтүү мам. кызматтарды көрсөтүүгө  салым кошо алат. Ушуга карабастан, акыркы жылдары  объект сатууга коюлуп келгендиги маалым. Мамлекеттин казынасына каржы каражаттарын которууга басым жасалып, ушул эле учурда компаниянын өнүгүүсүнө бөлүнгөн  каражат жетишсиз болгон. Өнүгүүнүн жаңы стратегиясын иш жүзүнө ашыруу жана жаңы багыттарды өздөштүрүү үчүн ири инвестициялар талап кылына тургандыгын  эске алуу менен, Коомдук кеңеш тарабынан уюлдук оператордун  кирешесинин 75 пайызын компаниянын өнүгүүсү үчүн калтыруу сунушталды. Жолугушуунун соңунда  алдыга коюлган милдеттерин ийгиликтүү ишке ашыруусуна байланыштуу кеп-кеңештер айтылып, компаниянын дарегине жагымдуу каалоо-тилектер жолдонду.

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы