Перейти на новый сайт
MegaCom: 2018-жылдагы көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк тапкан сериалдардын жана тасмалардын тизмеси

MegaCom: 2018-жылдагы көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк тапкан сериалдардын жана тасмалардын тизмеси

MegaCom компаниясы 2018 -жылы Amediateka тиркемесинин жазылуучуларынын өзгөчө кызыгуусун жараткан сериалдарга жана фильмдерге сереп салды.  

Талдоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, сервистин активдүү колдонуучулары тарабынан сериалдарга басым жасалгандыгы анык болду.  Өткөн жылы «Такты оюндары» эң кызыктуу сериалдардын катарын толуктаса, экинчи орунда  «Жапайы батыш дүйнөсү» фантастикалык тасмасы турса, көрүүчүлөрдүн  өзгөчө  жактыруусуна татыктуу болгон «Жооп соккусу» көп сериалуу тасмасы тизмеден четте калган жок. 2018-жылкы «Фаренгейт боюнча 451°», «Эрве менен кечки тамактануу» жана 2006-жылдагы «Бернард жана Дорис» толук метраждуу тасмалары алдыңкы сапка чыкты.

2019-жылдын  апрель айынан тарта «Такты оюндарынын» көптөн күткөн 8-сезонун көрүүгө болот. MegaCom абоненттери алгачкылардан болуп, белгилүү сериалдын жаңы сериясын amediateka.megacom.kg порталында суткасына болгону 15 сом үчүн HD форматта көрө алышат.

Тиркеме компьютер, планшет жана смартфон аркылуу жеткиликтүү. Кошуу наркы  − 0 сом. Amediateka онлайн-сервисине жетки алуу үчүн *4141#✆ буйруусун терүү зарыл.

Аmediateka.megacom.kg порталына жазылыңыз жана сапаттуу видеоконтентти көрүүдөн ырахат алыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы