Перейти на новый сайт

MegaCom: «Конуштой» лотереясынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды

MegaCom: «Конуштой» лотереясынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн ай сайын ойнотулуучу «Конуштой» лотереясынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталып, MegaCom башкы кеңсесинде байгелер тапшырылды. Утуш оюндарын MegaCom жана «Оргтехстрой» курулуш компаниясы биргеликте уюштурганын эсиңиздерге сала кетели.

Байге ээлери 2018-жылдын 13-декабрында  random.org сайтында туш келди сандардын генераторунун жардамы менен кокусунан тандалып, «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын, MegaCom мобилдик операторунун жана Мамфинкөзөмөл уюмунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү. Онлайн-трансляция  Instagram социалдык тармагында MegaPayKg баракчасынын жазылуучулары ал эми видео-отчет Facebook тармагында жеткиликтүү. 

Толук маалыматты megacom.kg сайты же 0 755 000 999 аркылуу (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) алууга болот.

 

Система 1 660 электрондук купондун ичинен төртөөнү тандап, бактылуу оюнчулар кыймылсыз мүлк сатып алууга 400 000 сом жана 200 000 сом суммасындагы арзандатуучу тастыктамаларга, жаңы iPhone XS жана MegaCom мобилдик интернетинин 1 000 000 мегабайтына ээ болушту.

«Утушка ээ болом деп ойлогон эмесмин. MegaPay мобилдик капчыгы менен колдонуп, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөчүмүн. Мен башынан эле ушул тиркеме менен колдоном. Бул абдан ыңгайлуу тиркеме. Натыйжада баллдарды топтоп, купонум утушка ээ болду. Эми башкы байгени – батирди утуп алууну каалайм», − дейт утуш оюнунун жеңүүчүсү Мария Сологуб.

«Мен батир сатып алууда абдан керек болгон 400 миң сом өлчөмүндөгү арзандатуучу тастыктамага ээ болдум. Ата-энем менен бирге эски батирибизди сатып, жаңысын алалы деп жатканбыз. Дал убагында болду. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык ыракмат, мен кубанычтамын», − деп белгилей кетти жеңүүчүлөрдүн дагы бири Владислав Задорожный.

«Мага MegaPay тиркемеси абдан жагат. Анын жардамы менен коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөйм, акча каражаттарын котором, баланс толуктайм. Эң башкысы − ылдам жана комиссиясыз. iPhone утуп алам деп ойлогон эмесмин. Эми мобилдик капчык менен мурдагыдан да колдоно баштайм жана жакындарыма да сунуштайм» − деп, өз кубанычы менен бөлүшө кетти кезектеги жеңүүчү Фарид Шамуров.

«Күткөн эмесмин, мобилдик интернеттин миллион мегабайты үчүн чоң ыракмат! Эми аны кандайча сарптасам деп ойлонуп жатам. Тандап алган тарифимдин алкагындагы интернет-трафик жетиштүү. Бирок ашыкча болбой тургандыгы бышык», − дейт төртүнчү жеңүүчү Богдан Медведев.     

Эскерте кетсек, DP мобилдик төлөм уюму аркылуу жеткиликтүү кызматтар үчүн акы төлөгөн  MegaPay тиркемесинин жигердүү колдонуучулары «Конуштой» лотереясынын катышуучулары  боло алышат. Башкы байгенин – «Оргтехстрой» компаниясы тарабынан бериле турган  бир бөлмөлүү батирдин ээси 2019-жылдын 13-мартында аныкталат. Баллдарды эсептөө жана купондорду берүү тууралуу маалымат компаниянын сайтына жайгаштырылат.

Кезектеги утуш оюну 2018-жылдын 17-январында өткөрүлмөкчү. FacebookInstagramVKОдноклассники социалдык тармактарында MegaCom компаниясынын расмий баракчаларына жазылып, утуш оюндарынын видео-баяндамаларын көрүп, жана да толугураак маалымат алсаңыз болот.      

Сунушталган кызматтар

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы