Перейти на новый сайт
MegaCom: Тоо лыжа сезону 2018-2019 ачылды!

MegaCom: Тоо лыжа сезону 2018-2019 ачылды!

Өткөн дем алышта, 24-25- ноябрь күндөрү, 2018-2019 кышкы сезонунун расмий ачылышына байланыштуу «Каракол» тоо лыжа базасы өзгөчө шаңга бөлөнүп турду.  Айтмакчы, MegaCom компаниясы сегиз жыл катары менен бул иш-чарага башкы демөөрчү болууда. 

Ак кар баскан тоонун боору, күн нуруна чагылыша, тоо лыжаларын жана сноуборддорду сүйүүчүлөрдү өзүнө тартып турду. Слалом-гигант боюнча  мелдештерге бардык каалоочулар − кичине бөбөктөрдөн тарта чоңдорго чейин, жөн гана  кызыккандардан тарта спорттун бул түрүн беш колундай өздөштүргөндөргө чейин катышты. Лыжачылар жана  сноубордчулар жантайма  эңкейиштерден коркпостон, өз билгичтиктерин  көрсөтүп жатышты. Эң шамдагай жана жигердүү катышуучулар жеңүүчү болуп табылып, аларга иш -чаранын демөөрчүсү  тарабынан даярдалган атайын баш кийимдер, бут кийимдер баштыктар, лыжалар жана  сноуборддор үчүн каптар, бафтар, фирмалык азембелектер жана башка баалуу байгелер тапшырылды!

«Биз жыл сайын үй-бүлөбүз менен келебиз. Бул жолу балдарым менен келгем, аларга  бул жер абдан жагат.Мыкты иш-чара уюштуруп бергендиги үчүн,  жана да белектери үчүн MegaCom операторуна  ыракмат. Биз үй-бүлөбүз менен MegaCom компаниясынын абоненттерибиз жана байланыш кызматтарынан көптөн бери колдонобуз»− деп белгилей кетти мелдештердин жеңүүчүсү Мурат Насипкулов.

 Мелдештердин дагы бир  катышуучусу Абубакир Мажитов төмөндөгүлөргө  токтоло кетти: «Мен Ош облусунун Ноокат районунан келдим. Тоо лыжа сезонунун ачылышын чыдамсыздык менен күт, ошондуктан бүгүн бул жерге келгениме кубанычтамын. 8 жылдан бери  лыжа тебүүгө кызыгып келем. Сапаттуу байланышы үчүн  MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирем. 4G жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетинин жардамы менен тоо лыжа базасында туруп эле социалдык түйүндөрдөн түз эфирге чыгууга болот. Бардыгыңыздарды сергек жашоого  чакырам».

Кышкы сезондун ачылышына Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн  келген сноубордчулар да катышат.  

MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Айсулуу Кожанова«Сергек жашоого умтулуу, спорт менен машыгуу, өзүн-өзү өнүктүрүү – дал ушул багыттарга  MegaCom өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп келет. MegaCom бардык эс алуучуларды ишенимдүү үн байланышы, 4G LTE түйүнүндө интернет кызматтары менен камсыздай алды. Мындай мүмкүнчүлүк, албетте, ар дайым онлайн болгондор үчүн ыңгайлуу, алар социалдык тармактарда чоң көлөмдөгү сүрөттөрдү жана  видео-контентти жайгаштырып же курорттун бардык жеринен HD сапаттагы видео көрө алышат. Мындан тышкары, биз абонеттерибизге интернеттин абдан чоң көлөмүн,түйүн ичиндеги акысыз чалууларды жана  СМСтерди, «Одноклассники» социалдык түйүнүнө акысыз трафикти өз ичине камтыган «Хайп» ыңгайлуу тарифин сунуштайбыз. Ысык-Көл облусунун тургундары жана меймандары үчүн «Элдик Ысык-Көл» аймактык тарифи каралган. Аталган кызмат биздин адистер тарабынан аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан».

Иш-чара тууралуу фотобаяндама менен Facebook социалдык тармагындагы MegaCom компаниясынын расмий баракчасынан таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы